www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттигине саясат таануучу Табылды Акеров  менен ырайым кылуунун алкагында оюн уктук.

-Табылды мырза, экс-президент Роза Отунбаеванын Текебаевге ырайым кылуу маселеси жогору жактан колдоо тапкан жок. Ал “президент  мурдагы акыйкатсыз чечимдерди өзүнө жүктөбөшү керек”-деген оюн билдирди. Саясий туткундарга ырайым берүүдө  президент бир нерседен чоочулап  жатабы?

- Экс-президент Роза Отунбаеваны түшүнсө болот. Өмүрбек Текебаевдин боштондукка чыгышы үчүн бир топ аракеттенди. Бирок, бул маселе өтө эле татаал деп ойлойм. Отунбаева өзү Убактылуу Өкмөттүн башында турганда саясий туткун эмес эле адамды, анын коррупция менен күрөшкө активдүү катышкан милициянын полковниги Ч. Алиевди өлтүрдү деп камалганына карабай камактан бошотуп, эркиндикке чыгарган.

Бирок, ал кезде ошондой баш аламан учур болчу. Ошондон пайдаланып, Р. Отунбаева эч ким менен кеңешпей эле, Атамбаевдин мурдагы жансакчысын сот аркылуу күнөөсү жок деп эркиндикке чыгарганга бардык шарттарды түзүп берген. Мен бул жерде процедураларды сактап чыгарганын баса белгилегим келет. Бирок, эл оозунда ал адамды Р. Отунбаева менен Каптагаев чыгарып жиберген деп айтышат. Атамбаевды да айтышпайт. ММКлар жазышат. Бирок, маселе деле анда эмес. Айтайын дегеним, биринчиден, Р. Отунбаева ошол адамды бүт процедураларын сактоо менен чыгарганында болуп жатат. Себеби, ал өзүнүн кийинки тагдырынын коопсуздугун ойлогон. Ошого жараша маселени чечкен. Экинчиден, эгерде ошол адамдын иши бүгүн каралса, аны эркиндикке чыгарыш өтө эле татаал болмок. Себеби, өлкөдө коррупция менен күрөш болуп жатат. Бүгүн Кыргызстанда  Текебаев жана андан башка ондогон адамдар мыйзамсыз камалып, абакта олтурат. Биз мунун баарын билебиз. Бирок, булардын бири да аларга тагылган кылмышты моюндарына албай келет. Ө. Текебаев боюнча да, башкалар боюнча да бүтүндөй сот процесстери болгон. Чечимдер чыккан. Чечими чыкпай калган эки эле адам калган.

-Соттун чечими чыкпай калгандар  кимдер?

- Бирөө Ө. Бабанов кылмыш иши ачылып, бирок сотко жеткен эмес. Экинчиси К. Исаев, ага да кылмыш иши ачылып, соттун чечими чыга элек болчу. Булар бүгүн эркиндикте. Бабанов өлкөдөн тышкары эркиндикте жүрөт. Ал эми К. Исаев камактан бошотулуп, депутаттык өз вазийпасын аткарып жатат. Бирок, бул да чоң маселе эмес. Маселенин баары бүгүнкү күндө өлкөдө коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Кыргызстандан бүгүн эки премьер-министр, бир топ чоң кызматтарды аркалаган чиновниктер камакта олтуруп, сурак берип жатышат. Эмдигиче булардын алдына күнөөлөрү угузулуп, миллиондогон суммалар моюндарына коюлуп жатат. Бирок, булардын баары өтө жаш жана өтө креативдүү, заманга бап технологияларды мыкты өздөштүргөн чинивниктер. Алар камалгандан баштап эле, «менин күнөөм жок, качууга себеп жок болчу». «Саясий куугунтук болуп жатат». «Мен качкан эмесмин», «мени уйүмдөн кармап келишти». УКМК кызматы шоу кылып жатат. «Мага түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк беришпей койду». УКМК кийин менден кечирим сурайт деп үмүттөнөм» дегендей толгон токой актануу иретиндеги билдирүүлөрүн жасап жатышат.

Башкача  айтканда,  булар өзүлөрүнүн камалгандыгынын себептерин алдын алып, акталып чыгууга жол чаап жатышат. Эң негизгизи, булардын баары бир беткей ушундай аракетерди жасап жатышат. Мисалы, саясий туткундагылар мындай коргонуунун түрүн билген да эмес. Бирок, булар бир команда менен, бир акыл борбордун (мозговой центрдин) кеңеши менен аракеттенип жаткандай. Демек, булар билет, билбесе да үмүттөнүп жатышат. Качандыр бир мезгилде актанууга мүмкүнчүлүк болот бир учур келет деп жатышат да. Булар соцтармактар менен активдүү иштешип, ал жактагы электоратты өздөрүнө тартып алууга аракет кылып жатышат. Өздөрүнүн  адамдары аркылуу булар эркиндикке чыгыш керек деп жаздырып жатышат.

Булар ачык эле С. Жээнбеков кеткенден киийн,  эркиндикке чыгышат деп жаздырып жатышат. Мына ушул өңүттөгү  ой жүгүрткөндө, эгер С. Жээнбеков Р. Отунбаеванын демилгесин колдоп, саясий чечим менен Ө. Текебаевди эркиндикке чыгарса, анда бүгүнкү камакта олтургандардын баарынын, коррупция менен шектелгендерине карабай боштондукка чыгуусуна чоң мүмкүнчүлүк ачылып калып жатпайбы. Эгер саясий туткундар баары саясий чечим менен эркиндикке чыгышса, анда кийинки президенттин учурунда коррупционерлер да саясий чечим менен боштондукка чыгып кетпейт  деп эч ким кепилдик бере албайт. Анда мамлекет, бийлик коррупция менен күрөшүп эмне кылат, коррупционерлерди камап эмне убара болуп жатат деген маселе жаралат. Ошон үчүн мындай маселелерге өтө  кылдаттык менен мамиле кылуу керек  деп ойлойм.

Менимче, Атамбаев кийин камалып кетпейли деп, атайылап, саясий туткундарды жаратып, ушундай юридикалык тушоолорду, тосмолорду токуп, өлкөнүн сот системасына тор салып койгон белем, дебеске айла жок. Саясий туткундар эркиндикке чыгаары менен эле, коррупционерлер да өз тарапташтары аркылуу эркиндикке чыгууга белсенбейт деп ким кепилдик берет.

Бүгүн болбосо да, кийинки президенттин мезгилинде кимдир бирөөлөр аларды да саясий туткундар деп эркиндикке чыгышын өтүнүп, эшик какпайт деп ким кепилдик бере алат. Менимче президент амнистия кылууда мына ошондон чоочулап жаткандай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости