www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайран гана эмгек, талаада калып, кейиштүү үшкүрүктү пайда кылды. Жазында, айыл чарба министири Нурбек Мурашев оозу мурду кыйшайбай туруп, дыйкандарга убада кылган эле “күзүндө картошканын баасы өсүп, жакшы кирешеге маарыйсыңар” деп. Ишенчээк ак көңүл эл, министр деген абройлуу атка татыктуу, мамлекеттин өкүлү айткан сөзгө ишенип, кургандар картошканы колдорунан келишинче көп айдап алышып, азыр сата албай убара болуп, көңүлдөрү эч нерсени сүйбөй, эмне кылышты билбей турган кездери. Андан дагы күзүндө, тактап айтканда октябрь айында министр дагы убада берген “сабыр кылып тургула, жакында картошкаңар баа болот” деп. Бирок сабыры түгөнгөн дыйкандардын чириген картошкасы, максатына жетпегенине көздөрү жетип, жөн киши кире албаган министрдин кабинетине чейин кирип, убада кылган министрдин столунан орун алды. Мындайды күтпөгөн министр чочуп кетти, чочуганы курусун, бирок убада аткарылабай кала турган болуп калды көрүнөт. Анткени министрдин бул жолку айткан сөзү, сүйлөшкөн кызын алдаган жигиттикиндей кайратсыз чыкты.

Бердикожо бий

Булак: NazarNews.kg

Последние новости