www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке,

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн №41 үйүнүн жашоочусу Абдималикова Айнурадан  

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Учурда Өлкөбүздө бир топ саясий өзгөрүүлөр болуп, сиз Кыргызстандын элинин толук колдоосу менен мамлекет башчысы болуп шайландыңыз. Өлкө башчысы катары мындан аркы Өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясынын багыттарын аныктоо биринчи кезекте бардык мамлекеттик органдарда «гүлдөп-өсүп жатканда» коррупция менен күрөшүүнүн зарылдыгын белгиледиңиз.

Ар бир эл менен жолукканда Сотто чоӊ реформа болот деп айтып келе жатасыз!

Коррупция менен күрөшүү эч качан токтобой тургандыгын, бул Кыргыз мамлекетибиздин өнүгүшүндөгү эӊ негизги багыт экендигин ар дайым баса белгилеп келе жатасыз. Карапайым элдин көптөн бери күткөн үмүтү болгондуктан колдоого алынып, Эл сизден жаңы үмүттөрдү күтүүдө. А бирок, сиздин саясатыӊызды райондогу соттор колдоп жатабы же сол жөнтөгүн толтуруу менен убара болуп жатабы? Элдик сот деген аты эле болбосо элди курутуп бүттүго! Аксы райондук сотунун судьясы Батыралиев Кайрат Абдуллаевич сиз айткан реформага даярбы?! Элдик сот деген ардактуу наамга татыктуубу!?

Аксы РБББ нүн башчысы Зыябекова Угулайдын сот ишин эч кандай негиз жок 20 жолу жылдырып, акыры 2018-жылдын 31-декбарында КРнын КЖКсынын 316 статьясынын 1-бөлүмү менен мамлекетке келтирилген чыгым кайра кайтарылды деген жүйө менен кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып жиберүү менен Зыябекова Угулайдын кайра жумушка келишине шарт түзүп берди.

Эмесе сөз башынан болсун! Аксы РБББ нүн башчысы болуп, 2015-жылдын 14-октябрынан бери Зыябекова Угулай Медетбековна иштеп келет. Райондо билим берүү тармагында: 65 мектеп, 25 бала бакча, 2 балдардын билимин өркүндөтүү борбору 1 өспүрүмдөр спорттук мектеби ошондой эле, 3 300 ашуун мугалим эмгектенет. Көрүнүп тургандай райондогу эӊ чоң мекеме болуп эсептелет.

Угулай Медетбековна өзү иштеген учурда кандай «ийгиликтерди» жаратканын билбейм бирок, бир топ финансылык мыйзам бузууларды жасагандыгы, коррупциялык иштерге аралашкандыгы жөнүндө атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталып, тиешелүү органдар үн катпай олтурганы таӊ калтырат!

Факты менен айта кетсем, 2018-жылы КР нын МУКК нын Жалал-Абад облусу боюнча ТБ нүн ОМИ боюнча юстициянын подполковниги Зулпиев Н. тарабынан 172-17-99 сандуу кылмыш иши боюнча атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталган.

Токтомдо: Кылмыш иши боюнча Зыябекова Угулайга КР нын КЖК сынын 304-беренсинин 2-бөлүмү, 306-берененин 1-бөлүмү боюнча айыбы угузулган. Угулай Зыябекова 1-4-класстарга берилүүчү шашке чай үчүн тендер өткөрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталган. Же коррупциялык схеманы жетектеп, 1-4-класстарга наристелердин «ырыскысына кол салып, ач көздүк кылды» деген корутунду чыгарылган.

Юстициянын подполковниги Зулпиев Н сиздин саясатыӊызга ылайык жүргүзүп жаткан ишин, Аксынын судбясы Батыралиев Кайрат Абдуллаевич кантип жокко чыгарды! Сиздин саясатыӊызга каршыбы? Батыралиев «Сот адилеттигине, судьялардын ишмердүүлүгүнө» шек келтирди. Сот жараяны 31-декбарда чыкса дагы сот өкүмүнүн мыйзамдуулугун көзөмөл кылган областык жана райондук прокуратура үн катпай турганы шек жаратат! Өзүӊүз ойлонуп көрүӊүз жол курууда жеди десе да анчалык кулака катуу угулбайт экен, эми написи жаман деп басып кетесиӊ! Ал эми жаш балдардын ырыскысын талашты дегенди угуп, жакаӊы кармап, айласыздан тооба келтиресиӊ.

Анткени ар кандай кырдаалда Апалар өздөрү ачка калып каза болсо да жарым нанын баласына берген!

Угулай Медетбековна да Энего! кантип өзүнүн балдарынын ырыскысын жеди. Жада калса айбанда баласына жем таап келип берет!? Негизинен биз, Зыябекова Угулай Медетбековнанын кылмыш иши боюнча «күнөөлүү» же «күнөөлүү эмес» деп айта албайм, аны тиешелүү Сот органы гана аныкташ керек эле тилеке каршы андай болбой калды. Зыябекова Аксы РБББ нүн башчысы болуп келгенден баштап, билим берүү тармагын туӊгуюка алып келди. Кадр маселесинде орой кемичилдиктерди кетирип, адискөй мугалимдер четте калды. Зыябекованын маданий деӊгээли өтө төмөн, мугалимдик этикага туура келбеген жоруктары менен Аксы элинин эсинде калды эле! 2018-жылдын 31-декбарында сот залынан чыгып эле, райондук билим берүү бөлүмүнө барып, баарын коркутуп «мен 24-январда жумушка чыгып силерге көрсөтөм», «мен сотто жүргөндө бириӊ да кабар албадыӊ», «керек болсо баары менин сөзүмдү сүйлөйт» деп басып жүрөт. КР нын билим берүү министрлигине бир нече ирет кайрылдым бирок, Зыябековага эч кандай чара көрүлбөдү! Ошондой эле сизге, примерь-министрге, генеральный прокуратурага, Коопсуздук кеӊешине кайрылуу жаздым бирок, эч кандай жыйынтык чыкпады! Эгерде, Зыябекова кайра кызматка келип олтуруп калса райондук билим берүү тармагындагы кызматкерлер митингге чыгабыз деп жатканын да сизге айтып койюу абзел.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиздин 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү» жылы деп жарыя кылдыӊыз ал эми, 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана Санариптештирүү жылы» деп жарыя кылганыӊыз элди кубандырат! Мен сизге тереӊ ишенем менин кайрылуума жооп бересиз деген ишеништемин! Аксы райондук билим берүү тармагында акыйкаттык орнотуп бериңиз? Сизди терең урматтоо менен, Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн №41 үйүнүн жашоочусу: А. Абдималикова.

эл. почта: abdimalikova.ainura 1980 @mail.ru

Байланыш телефону: 0779 960 480

Булак: NazarNews.kg

Последние новости