www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 11-январда “Ак-жол” өткөрүү пунктунан Түркиянын үч жараны жасалма паспорттор менен Кыргызстандан Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Түркиянын жарандары чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатышканда атайын кызматтык паспортун көрсөтүшкөн. Текшерүүдө паспорт жасалма экендиги аныкталган.

“Түркиянын жарандарын дыкат текшерүүгө алганда, алар Кыргызстанга жасалма документтер менен келгендиги аныкталды. Мындан тышкары өлкөдөн башка жасалма паспорт менен чыгып кетишүүгө аракет кылышкан. Кармалгандар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди” – дейт маалыматта.

Учурда аталган чек арада паспорт тыкыр текшерилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости