www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат айым өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасында Ош жергесине барганын жазды. Эл өкүлү шайлоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен тааныш.

Мен Ноокат районубуздун шайлоочулары менен жайкы_жолугуушумда, бир нече жылуулук системасы эскирип иштебей калган соц объектилерди көрүп келгенден кийин республикалык бюджеттен акча бөлдүрүп берүү үчүн аракет жасагам. кубанычтуу кабарыбыз менен бөлүшө кетсек! Бүгүнкү күнү акча бөлүнүп, жылытуу системасы орнотулуп жаткан объектилер төмөнкүлөр;

Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу №17 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу системасын оңдоо, суммасы: 924 миң 800 сом.

Бел айыл аймагындагы "Бел-Өрүк" орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо, суммасы: 1млн.800миң сом.

Кулатов айыл аймагындагы М.Кудайбердиев атындагы лицейдин жылытуу системасын капиталдык түрдө оңдоо, суммасы: 1млн.500миң сом.

Төөлөс айыл аймагынын "Ай-Тамга" айылындагы "Ай-Тамга" балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоо, суммасы: 1млн.500миң сом.

Көк-Жар айыл аймагындагы "Ак-Шоола" балдар бакчасына санитардык түйүн жана актовый зал куруу, суммасы: 1млн.500миң сом.

Мамлекеттин өнүгүүсүндө билим берүү системасына абдан терең маани бершибиз керек. Жогорудагыдай мектеп, бала-бакчалардын кышкы суукта жылуу жана ыңгайлуу болуусун камсыздай алсак келечекти үмүттөндүргөн жаштарыбыз үчүн чоң салым кошкон болобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости