www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндүн бүктөмү…

— Табылды, агай, шайлоо компаниясынын акыркы жумасы өтүп жатат. Менимче, кайсы партиялар алдыга озуп чыгары белгилүү болуп калды көрүнөт. Бул жумада кандай күрөш болду жана кандай кызыктуу окуяларды байкай алдыңыз?

— Бул жума деле бирин-экин өзгөчөлүктү эске албасак, анчейин деле өзгөчөлүү болгон жок. КТРКдан саясий партиялардын лидерлеринин күрөшү жүрүп жатат. Бул жумада саясий партиянын лидерлери жанданды десем болот. Мисалы, КТРКда адеп «Ынтымак», «Ишеним», «Альянс», «Аруузат» партияларынын лидерлеринин дебаты болду. «Эл үмүтүнүн» лидери Аскар Алмаз уулунун, «Азаттыктын» лидери А. Келдибековдун маектерин уктум. Албете, айырмачылык асман менен жердей. Мисалы, «Эл үмүтүнүн» өзүнүн мектебин, бала бакчасын көрсөтүп, ал жерде 17 жыл жашаганын, анан Орусияга акча тапканы кеткенин, ал жакта бир нече жыл официант болуп иштегенин, б. а. өмүр баянын айтып, анан эми парламентке барып элдин жашоо-турмушун оңдоого ат салышып жатканын айтат. Өтө жөнөкөй маек. Себеби, бул партияга 80–90-жылкы балдарды чогултуп, миллиондогон акчаларды шайлоо фондуна которуп коюшкан. Балким, буларды люстрация кылуу максатында алып келатышабы дейсиң.

— Бирок, буларга соцтармактарда “бийликтин балашкалары” деп ат коюп алышты го. Буларды бийлик чогулткан деп президенттин үй-бүлөө мүчөлөрү менен байланыштырып жатышпайбы же бул калппы?

— Ооба. Ага булардын баары өтө жаш жана бир тыйын акчалары жок туруп, шайлоо фонддоруна 20 миллионго чейин акча топтогондору түрткү болуп жатат. Эми КТРКдагы «Ынтымак», «Ишеним», «Альянс», «Аруузат» партияларынын лидерлеринин дебатына келсем, Ж. Акаев менен М. Маматалиевдин дайындыктары жакшы экенин көрүүгө болду. М. Маматалиев менен «Эл үмүтүнүн» лидеринин айырмасы асман менен жердей. М. Маматалиев актуалдуу проблемаларды чечүүнүн жолдорун айтып, 5 жыл депутаттыкта жүрүп такшалып калганын байкаса болот. Бул топко «Ордонун» лидери М. Мияровду да кошсок болот. Ошол эле учурда бул үчөөнү А. Келдибеков, Ө. Текебаев менен салыштыруу кыйын. А. Келдибеков салык тармагы, бажы кызматы ж. б. көптөгөн актуалдуу маселелер боюнча өз оюн ортого салып жатты. Мына ушул салыштыруудан эле депутат болуш үчүн канчалык дайындык керек экенин көрсө болот. Ошого мен дайыма жаштарды чоң саясатка тартканда алардын жөндөмүнө жана каалоосуна карап тартыш керек деп келем. Алар өздөрү чоң саясатка келиш керек. Болбосо, жеңил келген жаштардан эл үчүн тырмактай да пайда болбойт. Ошого аларга аттанаары менен “бийликтин балашкалары” деп ат коюп алышты.

— Ошондо булардын баары эле балашка болуп калабы?

— Жок. Булардын намыска бек бөлүгү Ж. Акаевге окшоп, өз кожоюндарына каяша кылып өзүнчө бөлүнүп кетет. Бирок, кийин бийлик алмашып кетсе, жаңы бийлик буларды да жээрип, Ж. Акаевдердей кылып өгөйлөп коюшу мүмкүн.

— Жаңы балашкаларды түзүппү?

— Бизде ар бир бийлик өз балашкалары менен келип, кетип жатат. Бул өнөкөткө айланып калды. Ошондуктан, кадрды өстүрүү меселеси залал тартып жатат.

— Негизи кайсы партиялардын ортосунда күрөш жүрүүдө, т. а. кайсылары парламентке келет?

— Менимче, «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Азаттык», «Ынтымак», «Улуттар биримдиги», «Атамекен», «Социал-демократтардын» ортосунда күрөш жүрүүдө.

— Бийликчилдерден «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», эки эле партия өтүп калабы? А «Ыйман нуру», «Ишеним», «Эл үмүтүндөгүлөрчү»?

— Күчкө салса булардын баары тең эле өтүп кетиши мүмкүн. Бирок, бүгүн анчалык күчкө салуу болбосо керек.

— «Ыйман нуру» өз күчү менен өтө албайбы?

— Менимче өтө албайт. Себеби, «Ыйман нурунун» тизмеси өзгөрүлгөн. Каржылоочу бизнесмендердин да айрымдары кетип калган. Өткөн шайлоолор көрсөткөндөй «Ыйман нуру» 3,35% эле добуш алган. Бул анын чеги экени белгилүү болгон. Мындан жогору алалбасы баарына белгилүү болуп калды.

— Жанар Акаев добуш сатып алуунун жаңы түрүн айтып чыкты. Бул шайлоодо да добуш сатып алуу маанилүү болобу?

— Ооба. Элди олигархтар көндүрүп коюшкан. Бир мандаттуу округдардагы фавориттер боюнча социалдык сурамжылоолор чыгып жатат. Баары тең мурдагы олигархтар. Б.а. эл акча берген кандидатты шайлап көнүп калган. Өткөн шайлоодо билесизби, урнага кирбей, акча беришин күтүп участканын жанына барып туруп алышкан шайлоочулар көп болгон. Бул шайлоодо акча таратуу анчейин байкалбайт. Бирок, анын ар түркүн жолдору бар. 30 жылдан бери айылдарда ал схемага айланып калган. Эл билсе да аны айтпайт.

— Добуш сатып алуудан кутулбайбызбы?

— Жок. Эмнеге кутулабыз. Эгерде дайыма ушинтип тыкыр көзөмөлгө ала берсе, акырындык менен элдин аң-сезими, турмушу оңолгон сайын бул терс көрүнүш өзү менен өзү жоголот. Ошого бийликтин бул аракеттери колдоого арзырлык.

— Бирок, КТРК, башка ТВларды “Ата-Журт Кыргызстан” менен «Ишеним» ээлеп алгандай сезилип жатат го…

— Илимий негизде далилденген реклама абалды 5% гана жакшырта алат. Себеби, үгүт иштери бир эле айга чейин созулат. Ошого мен айтып жатпайымбы, эң негизгиси тизме. Анан элдин менталдык өзгөчөлүктөрү. Мисалы, АКШ дайыма жаш саясатчыга ставка коёт. Жаштар толпаны кызытканга жакшы. Ал эми Орусия улгайган аксакал болуп калган саясатчыларга ставка коёт, ошого дайыма утуп кетет. Орусиячыл саясатчы утуп чыгат. Себеби, Чыгыш элдеринде дайыма улгайган адамдарга көбүрөөк ишеним артышат. Жаштарды дагы өсүш керек деп, маани бербейт. Бирок, бизде ага карабай эле жаштарды бир күн топтой калып, шайлоолорго алып чыгып, админресурс, акча менен менен сүрөй беришет. Аягы чатак менен бүтүп жатат.

— Жуманын аягында саясий партиялар өтө катуу кайым айтышып, чектен чыгып да кетип жатышат. Үгүт компаниясы болуп көрбөгөндөй уят кара пиарлар менен коштолууда. Бул айрымдардын нерви чыдабай кеткендигин көрсөтүп жаткан жокпу? Бийлик менен оппозициячыл Мадумаров, Текебаевдер кырчылдашып тирешип калгандай болду.

— Үгүт компаниясы акыркы жумага чейин кара пиярсыз болуп өтөт го деп жаттым эле, бул жолу баары тынч өтмөй болду деп. Бир жума калганда, шайлоодогулар баягы ит адаттарын карматты. Айла жок, бул Кыргызстанда боло келген көрүнүш да.

— Баары “Социал-демократтардагы Т. Султанбеков менен “Ата Мекендеги” Али Токтакуновдун кайым айтышуусунан кийин башталды көрүнөт. Али Токтакунов сөз бербей, кызык позициясын көрсөтүп жатты. Т. Султанбеков кийин аны А. Атамбаевден Раим Матраимовду каралоо үчүн 100 миң доллар алган деп жарыялап салды. Бирок, бул сөздөр мурда эле саясатчылардын арасында айтылып жүрсө керек эле. Эми официалдуу жарыяланып кетти. Мында канчалык чындык бар?

— Атамбаев кызматын тапшырып берип, кайра чоң саясатка келе албасына көзү жеткенден кийин С. Жээнбековду алсыратууга өткөн. Мунун биринчи этабында, А. Саймаити адеп У. Эгизбаевге келип арыз-муңун айтып, материалдар бар экенин билдирген. У. Эгизбаев бир материал жарыялаган. Бирок, бул иштин экинчи этабы башталып кетип, ага саясий өңүт берилсе керек. Себеби, У. Эгизбаевдин материалынан кийин «Азаттыктын» жетекчиси В. Сагындык кызы бул ишти улантууну У. Эгизбаевге эмес, Али Токтакуновго тапшырган. Анан серия материалдар чыга баштаган.

Бирок, айтып коюш керек, ар бир тарап өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн. Менимче, А. Саймаити материалдарым бар деп, алар менен бир аз бөлүшүп, анан өзүнө тиешелүү акчаларды кайтарып алып, изин суутуп кетүүнү көздөгөн. Ошого ЖМКда чуу болуп туруусу үчүн «Азаттыкты» пайдалангысы келген. Ал 14-ноябрда Туркиянын жарандыгын алып алып, башка өлкөлөргө чыгып кетиши мүмкүн эле. Бирок, 10-ноябрда аны качырбай көзүн тазалашкан.

Б.а. кызыкдар тараптар эгер ал качып кетсе, анда булаксыз калышмак. Андан да жаманы, А. Саймаити өзү талап кылган бардык акчаларды кайтарып алып, анан “бардыгы жайында, мен кайрадан достошуп алдым, ортодо бир аз таарынычтар бар болчу, таарынычыбыз жазылды” деп коюшу мүмкүн болчу. Себеби, ушуга окшош конфликттердин баары дал ушундай аяктайт эмеспи. Мына ошондуктан, А. Саймаити чак түштө, киши колдуу болуп жок кылынса, анда бардык маселелер бүдөмүк боюнча калып, бул көп убакытка болжонгон саясий интриганын уланышын камсыз кылмак.

— Б.а. бул иш саясий жана коммерциялык өңүткө ээ болгонбу? А. Атамбаев бийликте турганда анын аппараты жана УКМК төрагасы А. Сегизбаев «Азаттык» радиосу менен тыгыз байланышта болгон эле да. А. Атамбаев В. Сагындык кызына Бишкектин жаңы конуштарынын биринен 400 миң долларлык особняк алып бериптир деген да миш-миштер айтылып жүрбөдү беле?

— Чынын айтсам, ошол кезде «Атамбаевдин жакын кадрлары «Азаттык» менен тыгыз байланышта болгондугуна жалпы коомчулук күбө. Ошол кезде «Азаттык» радиосунан чыккан кадрлар КРнын Президентинин, өкмөттүн структураларында жетекчи жана (министрдин) орун басарлык кызматтарга чейин бекип, иштеп жатышкан. Б.а. «Азаттык» радиосунун кызматы үчүн Атамбаевдин аппараты алардын кадрларын ар кайсы кызматтарга жылдырып турган.

— Туура айтасыз, ошондой болгон. Бирок, эми кайра талаштуу маселеге келсек. Демек, алгач жөн гана изилдөө болгон. Ал эми кийин, бул маселе саясий өңүт алып кеткен деңизчи?

— Ооба. Кыязы, У. Эгизбаевдин материалы бул ишти саясий өңүткө айлантууга шарт түзгөн. Ошого кийин, системалуу түрдө материалдар чыга баштаган. Бирок, сапаты анча жакшы болгон эмес. Себеби, «Азаттыкта» журналисттик изилдөө жүргүзүүчү журналисттер жокко эмес болгон. Алар акындардын жана башка интеллектуалдык конкурстарды жеңип, ошого көп маани беришкен. «Азаттыкта» журналисттик изилдөөлөрдү профессионалдуу жүргүзө ала турган бир эле журналист болгон. Ал У. Эгизбаевдин өнөктөшү Э. Алканова болгон. Ошого Али Токтакунов акча которгон деп факты жана далил катары көрсөткөн адамдын колун Э. Алканова кийин изилдеп чыгып, анын Флоридада жашаган АКШлык тентимиш иттерди баккан жөнөкөй гражданин Адам Стэнфилдге таандык экендигин аныктап чыгып, А. Токтакуновду да, «Азаттыкты» уят кылып койгон. Бирок, бул иштин кийинки этабында батышчылдар активдүү роль ойногон. Эки тарап тең, алдыда келаткан шайлоолордо С. Жээнбековду негизги финансылык булактан айрылтып, аны жаманатты кылуу максатын көздөгөн. Батышчылдар акырындык менен Р. Матраимовду АКШнын Магнитский тизмесине киргизүүгө жетишишкен. Ошентип, Кыргызстанда саясий элита бири-бири менен көшөгө артында согушуп жатып, өлкөнү үчүнчү революцияга тушуктурду.

— Кандайча, тагыраак ачыктасаңыз?

— Заказ ээлери өлкөдө толгон-токой миллиардерлердин ичинен бирөөнү гана өзгөчө бөлүп алып сабап жатып, ансыз да дифференцияланып, жакыр жана колунда бар болуп экиге бөлүнүп калган коомду ого бешбетер, бири-бирине антагонист кылып бүткөнгө жетишишкен. Ал гана эмес, бирин-бири жек көрүүгө чейинки абалга жеткиришкен. Ошондуктан, экс-прокурор С. Жапыкеев олигархтарды үйүнө барып кустурабыз деп койсо, эл ага ишенип ээрчип кетти. Бирок, кустурация, башка өңүттө жүрүп, көптөгөн бизнесмендер залал тартып жатышат.

— Кандайча? Айрым бизнесмендердин өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып жатасызбы?

— Ооба. Саясий элита бири-бирине каршылашкан согуш жарыялап жатып, акыры мындан атамекендик бизнесмендер чоң залал тартып жатышат. 5-октябрдан бери бизнесмендер, саясатчылар акырындык менен өлкөдөн чыгып кетип жатат. Ошондуктан, азыркы бийлик, шайлоолордон кийин бардык күчүн саясий куугунтукка эмес, коомду консолидация кылууга жумшашы керек деп эсептейм.

— Бир суроону тактай кетейин, мурдагы бир маалыматта А. Токтакунов СДПК партиясы менен парламентке барат экен, ошентип келишишиптир деген сөздөр айтылды эле…

— Ооба. ошондой деп да айтышчу. Анткени, КСДП мурдагы шайлоолордо “Азаттыктан” А. Касымалиева менен Ж. Акаевди тизмесине кошуп алып чыккан. Бирок, кийин Ж. Акаев өз жолу менен кетип калган. Ошондо өнөктөштөр Атамбаев менен “Азаттык” А. Касымалиевага өнөктөш кылып А. Токтакуновду тизмеге киргизүүнү туура көрүшкөн болсо керек. Б.а. "Азаттык" радиосу КСДПдагы өзүнүн ордун ушундай жол менен сактап калгысы келген десек болот. Ошого, А. Токтакуновду, илгери Ж. Акаевди коррупция менен күрөшкөн жалгыз журналист кылып көрсөтүш үчүн, ага чоң проект сунушташса керек. Ж. Акаевде алгач КСДПнын үч бараандуу бизнесменин талкалап, андан соң Атамбаевдин пресс-катчылыгына бекибеди беле. Мына ошол ыкманы Атамбаевдер менен "Азаттык" кайрадан кайталап койгон. Муну батышчылдар колдоп кеткен.

— Акыркы суроо, шайлоодо парламентке "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак", "Ишеним", "Эл үмүтү" эле келе алат деп айтып жатышат. Бышыктай аласызбы?

— Антип айтуу кооптуу. Коркунучтуу. Элге тынчтык керек.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости