www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо менен башталып, шайлоо менен өткөн жыл

Былтыр октябрдан бери шайлоо түгөнбөй, январда, апрелде, июнда өттү, эми акыркы шайлоого чукул калды. Кыргызстанда 3 млн 617 миң 141 шайлоочу бар. Эгер бардык шайлоочулардан парламентке өтүү босогосу аныкталса, парламентке аз эле партия өтөрү бышык. Ал эми шайлоого катышкан адамдардан гана босого аныктала турган болсо, анда көптөгөн партиялар босогодон өтөөрү бышык.  Өлкөдө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар дагы, эл дагы жанданып баштады. Айрыкча карапайым калктын “бул ирет акыл калчап тандоо жүргүзөбүз” дегени жакшы жышаан катары бааланууда. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, элдин дагы көзү ачылып бүттү.2010-жылдан берки шайлоолордо жалаң капчыктууларга азгырылып, аларды шайлап келишсе, эми алардан майнап чыкпаганына ынанып, “бул жолу өлкөнүн келечегин акча менен эмес, акыл менен тандап, билимдүү, иш билги лидерлер баштаган партияларга  добуш беребиз” деп айтып жатышканы кубантууда.

Ал эми бүгүнкү күндө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясаттын казаны кайнап, шайлоонун шаңы башталып кетти. Айрыкча бийликке ыктаган талапкерлер эмитен эле ымалашып, белгисиз партиянын тегерегине биригишкен. Кээ бир партия лидерлери “бизди эл колдойт” таризинде кеп таратып, кошоматтын коюн союп келишет. Электораты жок, көчөдөн эле бир партияны алып чыгып, акчанын таасири менен өткөрүп алышабы? Аларга ыктап, жандалбастап жаткан саясатчыларды, учурдагы депутаттарды карап көрсөк, баары эле азоо, кашаң аттардай. Алар мекен жүгүн татыктуу көтөрө алышабы? Бул жагынан алганда эл аларга иренжип турганы жашыруун эмес. Ошондуктан, эл өзү татыктуу тулпарды таптап чыкканы калды. 

Быйыл эң орчундуулардын бири – парламенттик шайлоо. Саясаттын курчуп атканы да шайлоого байланыштуу. Эл саясатташат, өйдө-ылдый убадалар берилет. Кайым айтышуу, сын пикирлер көбөйөт. Саясат эмнеге курчуйт? Буга бир нече факторлор бар. Соцтармакта отурган жаштар коомдогу коррупциялык, экологиялык, мыйзам бузууларды, сот системасындагы терс жагдайды, реформа болбой кашаңдап аткан маселелерди, укук коргоо органдарындагы жат көрүнүштөрдү алып чыгып атышат. Булардын баары биригип шайлоого таасир этип, саясый кырдаалды күчөтөт. 2021-жылды саясый күрөштүн, тирешүүнүн жылы деп айтабыз. Анысы ал, шайлоо бүткөндөгү жыйынтыгы да нааразычылыктарды жаратат. Шайлоо ачык, таза, тез, мыйзам чегинде болсо болсо бир жөн. Эгерде бийлик кандайдыр бир партияны сүрөп чыгарам, өткөзөм деп административдик күчтөрдү колдонуп, мыйзам бузуулар байкалса, оппозиция чыгып, саясый атаандаш көз карашта жүргөн саясатчыларга кысым көрсөтүп, буларды четтетебиз десе, анда чоң саясый тобокелчиликке жол ачып коёт. Аты жок партияны апкелип “ушул утуп келди” десе, же анын тарыхы, программасы, идеологиясы, лидери, басып өткөн жолу болбосо, мындайга элдин ишеними кетет да. Өкүртүп убадаларды берип, элди алдап, азгырып келип алган партиялар азыр эмне болуп атат? Эки-үч-бешке бөлүнүп, ич ара бирин-бири жекирип атышат. Анткени партиянын идеологиясы жок, программасы болбогон. Алар бир принцип үчүн күрөшкөн эмес. Мындайды элибиз түшүнүп, тандоо капчык менен эмес, акыл менен болуш керек экенин билүүсү шарт. 

Кыргызстан кансыз жол менен КПСС жетектеген СССРден бөлүнүп эгемендүүлүктү алганы жетинчи жолу парламентти шайлоо 2020-жылдын октябрында майнапсыз аяктаган. Ушул жылдары эң көп депутат болгон Өмүрбек Текебаев 2007 жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон гана жыдыган. 2020-жылы шайлоонун жыйынтыгынан улам башаламандык башталып кетип, шайлоо жараксыз болуп калды. Советтик шайлоо системасы боюнча бийлик эч атаандашы жок, жалгыз адамды депутат катары көрсөтө турган. Каалайсызбы, каалабайсызбы бийлик каалаган адамды депутат кылып шайлоого шайлоочулар милдеттүү эле. 1989-жылы СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советине атаандаш шайлоо тутуму кирет. 1991-жылдан Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алат. Ал кездеги президент Аскар Акаевдин убагында 1993-жылдын 5-майындагы Конституция боюнча эки палаталуу парламентке шайлоо мажоритардуу же округдардан шайлоо башталат. Мыйзам чыгаруучу жыйынга 35 депутат, ал эми эл өкүлдөр жыйына 70 бардыгы 105 депутат. Конституция референдум аркылуу өзгөрүлүп 2005-жылы бир палаталуу парламентке 70 депутат шайланат. Ушунун кесепетинен Аскар Акаев бийлиги менен коштошот. 2007-жылы кайрадан Конституция алмашып 90 депутат партиялык тизме менен келет, анын 71и мамлекет башынданы Бакиевдин «Ак Жол» партиясындагылар эле. 2010-жылы Текебаев түзгөн Конституция боюнча 120 депутат болуп көбөйүп, партиялык тизме боюнча шайланат. 2010-жылдын октябрында Атамбаевдин СДПК партиясы экинчи орунду алышса да СДПК мүчөсү Роза Отунбаева мамлекет башында тургандыктан коалиция түзүшөт. 2015-жылы  мамлекет башындагы Атамбаевдин жакындары СДПК, «Кыргызстан» партияларына чогулушуп парламентке келишкен. 2010-жылдын 4-октябрында ушундай шайлоолордун негизинде мамлекет башында турган Жээнбеков бийлигин тапшырууга мажбур болгон.

Бул шайлоодо административдик ресурс таптакыр колдонулбасы түшүнүктүү болду. Анткени, ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат. Ошого жараша шайлоочулар дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу шайлоочуларга парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүлдү. 36 депутатты бир мандаттуу округдан шайлоочулар түздөн-түз өкүл катары кылып шайлап алышат. Андан сырткары, 54 депутатты партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен шайлоочулар өздөрүнө жаккан талапкерге дагы добуш беришет.Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги шайлоочулар өздөрүнө жаккан бир талапкерге добуш бере алышат. Мейли миллиардер болушсун же кудай болушсун эл колдобосо депутат болушпайт. Мына эми парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы шайлоочулар добуш берүү жолу менен люстрация кылып беришет.

Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга түшүнсө болот – каалабаган талапкерге добуш бербей коюшса, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп туруш маанилүү эмес. Тизмеде 54-чү болуп туруп көп добуш алса, биринчи болуп келе берет.

Банкка салган акчалары менен короткондорунун так суммасы мындай:

 

  1 «Ата-Журт Кыргызстан»                   31 871 097                                  22 869 259

2 «Ишеним»                                            23 060 541                                 21 596 455

3 «Альянс»                                              16 561 875                                 15 436 457

4 «Эл Умуту»                                          16 187 340                                 14 210 629

5 «Ынтымак»                                          14 611 184                                 10 419 237

6 «Бутун Кыргызстан»                            8 868 700                                  7 445 855

7 «Азаттык»                                              7 159 708                                  5 449 371

8 «Ата Мекен»                                          4 722 550                                  4 005 023

9 «Улуттар биримдиги»                           4 214 562                                  3 808 522

10 «Социал-демократтар»                          3 532 990                                   3 317 132

11 «Ыйман Нуру»                                     3 137 241                                   2 751 771

12 «Мекенчил эл»                                    2 851 610                                    2 839 016

Калган эргежээл партиялар бир миллиондун тегерегинде акча салышып, бары тең коротуп бүтүштү.

Шайлоого үгүт аяктап калды. Былтыртан берки бешинчи шайлоо. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо жараксыз болуп эсептелген. 2021-жылдын 11-январынла президенттик шайлоодон кийин, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, бир топ кеңештер анын ичинде Бишкек, Ош, Токмок кайра шайлоо өткөзгөн. Кыргыз мамлекети кичинекей болгону менен, партиялар жаатында бир топ мамлекеттерден оозуп кетебиз. Бизде «саны бар, сапаты жок» партиялар көп. Бирок, бардыгын эле “эт менен челдин ортосунда” жүргөн партияларга теңештирип койгонубуз болбойт. Мына, шайлоо күнү келаткан сайын “уйкуда жаткан” партиялар ойгоно баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости