www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Мамлекеттик бажы комитети жана Чек ара кызматы түркмөн кесиптештери менен бирге 26-ноябрдан тартып эки көзөмөл-өткөрмө бекетти ачуунун үстүнөн иш алып барышууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди. 

Кеп 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылып калган «Хожейли – Куня-Ургенч» жана «Шават – Дашогуз» көзөмөл-өткөрмө бекеттери жөнүндө болуп жатат. Алар азыр иштеп жаткан «Олот» көзөмөл-өткөрмө бекетин толуктайт.

Көзөмөл-өткөрмө бекеттердин иши санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен жанданары күтүлүүдө.

Министрлик эки бекеттин бейтарап зоналарында жүк ташуу 25-ноябрда тесттик режимде ишке ашканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости