www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Табылды мырза, айтсаныз, шайлоонун эң акыркы жумасы калды. Бул шайлоо өзгөчө шартта өтүп жатат. Жаңы мыйзамдар, эрежелер кирди. Преференциалдуу шайлоолордун жакшы жана жаман жактарына токтолсок. Дегеле бул сисмема бизге керекпи?
— Мен башынан эле бул шайлоо системасы бизге ылайыксыз экенин айткам. Бул шайлоо системасы мыйзамдуулукту туу туткан батыш өлкөлөрүнө ылайыктуу. Бизге ал туура келбейт.
Бул жерде эмне үчүн сунушталып калды, деген суроо туулат. Себеби, саясий партиялардагы жаш депутаттар «партиянын лидеринен эркин болобуз, биз эч кимге көз каранды болбошубуз керек, саясий партияга да» дешип, эгемен депутат болгулары келди.
Мен ошондо эле айткам, ошол сагызгандай сайрап, көз карандысыз депутат болгусу келип, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуштап жаткан жаш депутаттардын өзүлөрү өтпөй калышы мүмкүн деп.
Бирок, тагдырдын тамашасыбы, айтор билбейм, ошол депутаттардын баары «Альянс» партиясына биригип алышты. Акыркы социалогиялык изилдөөлөрдө, алар парламентке кирбей турганы белгилүү болуп жатат.
Бул партиянын аты бир дагы эксперттин анализинде азырынча атала элек. Тактап айтканда, «Альянс» партиясы азырынча фавориттердин арасында жок. Аны парламентке өтпөй кала турган партиялардын тизмесинен көрүп жатабыз.
— Буга эмне себеп?
— Биздикилер бир нерсени угуп калышса эле ошону курал кылып, демократияга жамынып, өздөрүнүн кызыкчылыгынын алкагында өлкөгө киргизгенге аракет кылышат. Преференциалдык системанын өлкөгө киргизилиши жаш депутаттардын кызыкчылыгында болду.
Жаш депутаттар лидерден көз карандысыз болгулары келип, өздөрү каалагандай мыйзам токуп, преференциалдык шайлоо системасын өлкөгө киргизип алышты. Бирок, алар өздөрү толук бойдон коомго лидер катары тааныла элек экендигин билишкен эмес.
Ооба, алар өтө активдүү, ар бир маселеге өз позициялары бар. Бирок, коомчулукта алардын образы нукура лидер катары жаралып, калыптанып бүтө элек болчу. Анан калса алардын образы, алардын өздөрү депутат болгон партиянын тизмесинде гана жаралып жаткан.
Бирок, алар бүгүн таптаза башка, элдин такыр кабары жок, калк билбеген партиялардын тизмесинде ат салышып баратышат. Алар менен чогуу башка партиялардын топтору да баратат. Анан калса булар буга чейин эле мындан башка да партиялардын тизмесинде ат салышкан.
Ошентип, алар өз образдарын чачыратып алды, алардын образы шайлоочуларга күмөн жаратып калды. Бул өткөндөгү президенттик шайлоолордо деле таасын байкалды. «Альянстын» бул аракеттери КМШ алкагында бийликтен да күмөн туудуруп жатат.
— «Бийликчил партия жок» дешкени менен, бийлик 6 партия алып баратканы эл арасында айтылууда. Бир орус басылмасы «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Мекен», «Улуттар биримдиги» менен катар бийликчил «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» партиялары парламентке өтө турганын белгиледи. Көпчүлүк аналитиктер да «Бүтүн Кыргызстанды» өтөт деп жатышат.
Ал эми «Евразиялык» социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бийликчил «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Ата Мекен» киргени турат. Мындан башка «Ишеним», «Эл үмүтү» партиялары да кирип калышы мүмкүн экени айтылууда. Акыркы жумада «Ата Мекен» кирбей, анын ордуна «Ишеним» кирип кетиши мүмкүн деп жатат. Бирок, аналитиктер акыркы эки партияны өтпөйт деп да жатышат. Соцтармактарда буларды президент С.Жапаров жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен байланыштырууда. Сиздин анализ кандай?
— Ооба, бардыгы буларды өтөт деп белгилөөдөн алыс болуп жатышат. Менимче, анын себеби, партияларды уюштурганда эле бир топ катачылыктар кеткен.
Мисалы, «Ишенимди» бир маалыматта, Ош облусунун экс-жетекчиси Ж. Осмоналиев, экинчи маалыматта президенттин кенешчиси М. Букуев менен байланыштырышат. Бирок, булар республикага таанымал, элди алдыга сүрөй турган, ишеним арттыра турган саясатчылар эмес да.
Алар саясатчы болуп да калыптана элек. Кокустан, 5-октябрдагы революциянын шарапаты менен чоң саясатка келип калышты. Жалпы республика боюнча буларды эч ким билбейт. Мисалы, «Ата Мекенди» Текебаев, «Ата-Журт Кыргызстанды» Ташиев, «Бүтүн Кыргызстанды» Мадумаров деген сындуу, дагы башкаларды башка аттуу-баштуу саясатчылар менен ассоциация кылышат.
Ал эми «Ишенимди» эч ким менен кыла албайт. «Ишенимдин» шайлоочулар ишене турган кишиси жок. Анан калса бул партияга «бардык чимкириктер биригип алган» деп, шайлоо башталгандан бери жазып жатышат. «Эл үмүтү» деле ошондой.
Булардын айрымдары Шаардык кеңеште катышышкан «Биздин эл» партиясындагы волонтерлор. Булар жаңы уюшулган «Эл үмүтү» деген партияны түзүшүп, ошол жакка киргизип, аларга дагы башка шайлоочулар тааныбаган жаштарды кошуп коюшкан. Жалпы республика боюнча буларды ким тааныйт? Эч ким.
Буларды коюңуз, булардан да таанымал активдүү жаш саясатчылар чогулган «Альянсты» шайлоочулар жакшы кабыл албай жатышат. «Эл үмүтүндө» мобул жаш жигит көптөн күттүргөн саясатчы деген образга ээ ким бар? Эч ким жок да. Ишенбесеңиздер, өткөн шайлоолордогу «Социал-демократтардын» катарындагы Темирлан Султанбековду эстеп көргүлө, шайлоочулардын көпчүлүгүнө жакпады беле.
Али күнчө, «Социал-демократтарды» Темирлан Султанбеков менен ассоциялашат. Азыр «Бүтүн Кыргызстанды» Орозайым Нарматова менен ассоциалашат. Ал эми «Эл үмүтүндө» ким бар? Бирок, ошого карабай, буларга өлөрчө акча бөлүп беришип, шайлоого кошуп коюшкан. Мындай шумдуктуу «чудолор» бир эле Кыргызстанда жасалат.
Бизде бул миң жолу кайталанып, жасала берет. К. Бакиев деле өзүнүн «Ак жолун» бир күндө минюсттан каттап, шайлоого катыштырып, 71 мандатка ээ болуп, парламенттин контролдук пакетин өзүнө ыйгарып албады беле. Анан эмне болду? Көп өтпөй өзү бийликтен жылбышып, өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Ошондуктан, россиялык да, кыргызстандык да аналитик, эксперттер бул эки партияны парламентке кирген партиялардын катарында атабай жатышат. Кыргызстанда эле партия төрөлүп, бутуна тура электе анын парламентке кирери бергилүү болот. Мындай жол менен бүтүндөй өлкөнүн саясий системасы жана саясатчылар деградацияга дуушар болуп жатат.
Жаңы саясий система толук кандуу ишке кире элек, бирок, анын алгачкы күндөрүндө эле аны деградацияга кабылуучу жол менен алып баратышат. Соцтармактарда шайлоочулар ачык эле жазып жатышпайбы, ушундай жол менен парламентке келген жаштардан эмне үмүт этүүгө болот деп.
— Демек, бул партиялардын өтөөрүнө күмөн санап жаткандары ошондон экен да. Бирок, жакында өтө чоң партияларды мыйзам бузду деп оюндан чыгарып салышат экен деп жашышат го? Балким, «Бүтүндү» же «Азаттыкты» чыгарып салышып, буларды сүйрөп кирип кетишпейби?
— Ммм. Кызык го?! Кыргызстанда шайлоодо буга чейин «кара кыздын агынан эмес, багынан» деген эреже иштеп келбегени жалпыга белгилүү. Бирок, менимче, бийлик анчейин «бөрк ал десе баш алган» кадамдарга барбаса керек.
— Президенттин кеңешчиси М. Букуев «Альянс» партиясы менен ат салышууда. Ал парламентке келери менен «спикер болом» деп күпүлдөп жатканын айтып жатышат? Бизди эмне, спортсмендер жана билимсиздер эле башкарып калабы?
— Азырынча, «Альянс» өтөт деген прогноз жок. Бирок, К. Бакиевдин доорунан бери эле Кыргызстанды билимсиз командалар башкарып келатат. К. Бакиев тракторист тууганын премьер-министр, сырттан окуп бүткөн жердештерин, тааныштарын чоң кызматтарга бекитсе, А. Атамбаев шопурун, завхозун, секретаршасын ж. б. толгон-токойлорду мамлекеттик чоң кызматтарга алып келди. Ошого Кыргызстан өнүкпөй жатпайбы. Бул шайлоолордон кийин С. Жапаровдун бийликти кайрадан түзүү этабы аяктайт. Менимче, ошондон кийин, ал өз командасын түзсө керек.
— Өткөн бир билдирүүңүздө, преференциалдуу шайлоо системасында саясий партиянын башына бандит, кримавторитет ж. б. деле келип калышы мүмкүн дедиңиз эле. Тагыраак жана толугураак токтоло кетсеңиз, дагы кандай тескери жактары бар?
— Бул системада бийликке оппозициялык кандидаттарды парламентке өткөрбөй койгонго өтө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ар бир кандидаттын участкасы белгилүү. Бийликчил партиянын тизмесине оппозициялык партиянын лидерин утуп алуучу кандидатты коюп койсо эле, партиянын лидери парламентке өтпөй калат. Ошону менен 5 жылдын ичинде анын партиясын башкага тартып берип койсо да болот. Оппозицияны толугу менен алсыратып же жок кылып да койсо болот.
— Өткөндө Өмүрбек Текебаев: «бийлик өзүнүн кишилерин ар кайсы партияга үкүктүн балапанындай кылып киргизип койду» дебедиби. Анда бийлик өз кишилерин ар кайсы партияларга киргизип, кийин акырындык менен аларды жылыштырып, парламентти толугу менен көзөмөлгө алып алышы мүмкүн экен да. Кандай дейсиз?
— Кыргызстанда преференциялдык шайлоо системасы бийлик үчүн өтө көптөгөн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Сизге өтө бир кызык прогноз айтайын. Бул системада 28-ноябрда эгер таза шайлоо өтсө, анда бир да партия 5%дык босогону аша албайт.
Себеби, 21 партиянын ар биринде мыкты, өз электораты бар саясатчылар бар. Алардын ар бири добуштарды бөлүп кетет да, бир да партия 5%дык босогодон өтө албай калат. Бул система шайлоого 7 же андан аз партиялар катышкан учурга ылайыкташылган. Ошондуктан, биздин абалда босогону 3% же 1%га чейин түшүрүш керек болчу.
— Бул шайлоо компаниясында кандай кемчиликтерди байкап жатасыз?
— Бир дагы партия өз программасын элге жеткире алган жок. Партиялар жөн гана өздөрүнүн аттарын таанытып жатышат. Шайлоочулар менен жолугушуулар өтө супсак болуп жатат. Эл шайлоолорго аз келиши мүмкүн. Бирок, бир мандаттуу округдардагы талапкерлердин электораты менен бир аз эл келет көрүнөт.
— Сиз преференциалдык шайлоо системасы Кыргызстанга кереги жок дейсиз. Балким, кандайдыр бир жолдору бар чыгаар, мыйзамдарды карап чыксак болбойбу? Эмне кылсак болот?
— Ооба. Бирок, ушул кейпинде таптаза жарабайт деп ойлойм. Албетте, мыйзамдарды карап чыгыш керек. Мен батыштагы политологдор менен сүйлөшүп жатам, алар да бир аз туура эмес болуп калганын айтып жатышат. Менимче, мыйзамдарды биздин талаптарга ылайыкташтырып оңдоп чыгыш керек. Ошондо гана бул система бизде туура иштейт.
— Эми акыркы суроо, Президент С. Жапаровдо план «Б» бар деп жатышат. Эгер шайлоолордун жыйынтыгына макул болушпай чатак чыгып кетсе, шайлоолорду жараксыз деп жарыялап, кайра шайлоолорду жазга белгилейт имиш. Башка өлкөлөрдүн тарыхында ушундай нерселер болду беле?
— Ооба, болгон. Иранда 1962-жылы шайлоолор болуп, анын жыйынтыгы элдин мүдөөсүнө төп келбейт деп табылган. Президент Шах Пехлеви жаңы шайланган парламентти таркатып, кайра шайлоолорду жарыялаган. Кийинки келген парламент элдин кызыкчылыгына төп келип, Шах Пехлеви өлкөнү болуп көрбөгөндөй кылып реформалап, айыл чарбасында «жашыл революция» деген ат менен тарыхка калган ири реформаларды жүргүзгөн.
Булак: Жаңы Ордо гезити