www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулар баш оорудан арылуунун жолун айтышты

Америкалык окумуштуулар көп жылдар бою баш оорудан кыйналган кишини жашылчанын негизиндеги диета менен айыктырышты. Бейтап тамактануу рационун алмаштырып, үч айдын ичинде жакшы болгондугун BMJ Case Reports журналы жазган.

Клиникага кайрылган 60 жаштагы бейтап 10 жылдан ашык убакыттан бери баш оорусу менен жабыркап келгендигин айткан. Ал бир кармаганда 72 саатка чейин созулуп жарыкка, ызы-чууга күчөп, жүрөк айлануу жана кусуу менен коштолгон. Мындай көрүнүш жалпысынан бир айда 12-18 күнгө созулуп турган.

Бейтап клиникага кайрылар алдында оору 18-24 күнгө чейин созулуп, курч абалга өткөн. Киши жазылган дарыларды ичип, илдетти чакырган шоколад, сыр, жаңгак, кофеин жана кургатылган жемиштерди колдонбой, йога жана медитация менен алектенген. Бирок эч нерсе жардам берген эмес.

Анализдер канда эч кандай сезгенүү жок экендигин жана бета-керотиндин өлчөмү нормалдуу болгондугун көрсөткөн. Бирок бейтап күн сайын таттуу картошка жегендигин айткандан кийин ага тамактануу рационун өзгөрткөн LIFE (Low Inflamasted Foods Everyday) диетасын сунушташкан. Рациондо күн сайын жашылча жана жашыл смузи колдонулуп, бүтүн дандуу азыктардан, крахмалдуу жашылчалардан, жаныбар майы менен белоктон баш тартып, өзгөчө сүт азыктарын жана кызыл этти колдонбоо сунушталган.

Жаңы диетага отургандан кийин оорунун курчушу айына бир күнгө чейин азайып, үч айдан соң толугу менен токтогон. Ал эми кандагы бета-каротиндин өлчөмү 53төн 92 мкг/длга чейин көбөйгөн. Киши баш ооруга каршы дары ичпей, ал тургай ооруну күчөтүүчү жумуртка, лосось азыктарын жеп баштаган.

Бул окуядан соң окумуштуулар жашылчанын негизиндеги диета өнөкөт баш ооруну дарылоонун коопсуз, эффективдүү жана туруктуу жолу экендигин жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости