www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыязы, бул жолу да Курсан Асановду жаңы шайланган Президент С. Жапаровдон алыс кармоо интригасы уланып жаткандай байкалууда. Башкача айтканда эски пластинка эле кайра айланып жаткандай. Мындай пикирин саясий талдоочу Табылды Акеров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Курсан Асановдун камалуусунун сыры эмнеде?

К. Асанов камакка алынгандан бери анын адвокаттары Т. Токтакунова, И. Айткулов, Ө. Суваналиев, Ф. Кулов, А. Шыкмаматов, К. Сооронкулова, Ч. Жакупова, Ж. Молдокматов, А. Акматов ж. б. бир топтор өз пикирлерин билдирди. Баары К. Асановдун камакка алынышын мыйзамсыз, туура эмес деп баа берип жатышат. И. Айткулов, А. Шыкмаматов, Ж. Молдокматов, Ч. Жакупова 5-октябрдагы окуяларды коментарийлеп, эл толкуп, Ак үй кулап, баш аламандык башталганда министр К. Жунушалиев менен Опумбаев өз кызмат орундарын таштап качып, бул мамлекеттик түзүмдөр башчысы жок калганын эскеришет. Бишкек шаарында талап-тоноолорду болтурбаш үчүн ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Өмүрбек Суваналиев тарабынан К. Асанов министрликти убактылуу кординациялап турууга жиберилгенин бир ооздон билдиришти. А. Шыкмаматов бул окуяларды бөлүп-бөлүп карабай, комплектуу караган туура, баш аламандыкты токтотуу үчүн бир топ аракеттер болгон, баарын бирге кароо талапка туура келет дейт.

Бул айтылгандарды Өмүрбек Суваналиев өз билдиүүрсү менен толук бышыктады. Ө. Суваналиев: «Ал күндөрү Курсан Асанов мыйзамды бузган эмес. Тополондо расмий бийлик жок болуп калды. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып кеткен. Топтолгон эл түрмөдө жаткандарды чыгара баштады. Биз ошону токтотконго аракет кылдык. Легитимдүү бийликтен кабар жок болуп калды. Мен коопсуздук кеңешинин орун басары катары күч структураларын координация кылуу укугум бар эле. Ошол кезде милицияга дем бериш керек болчу. Курсан Асанов теледен чыгып, күч органдарына кайрылуу жасап жатты. Башаламандык учурунда бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Курсан Асанов баш болгон милициянын отставкадагы генералдарын, полковниктерин Ички иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Курсан Асанов тополондо мамлекеттин коопсуздугун сактап калгандардын бири болгон. Анын камалышын мыйзамсыз деп эсептейм» деп баардык талашка чекит койду.

Ф. Кулов, Т. Токтакунова ж. б. К. Асановдун аялы бүгүн ооруп реанимацияда жатып жаны палатага которулганын айтып, бул камоо моралдык дагы, гумандуулук жактан дагы туура эмес болуп жатканын билдиришти.

Эгер ошол окуялардын катышуучулары өзүлөрү күбө катары барын ачыктап берип жатса, анда К. Асанов эмне үчүн камакка алынган? Анын камалышынын сыры эмнеде?

Айрымдар муну өч алуу менен байланыштырып жатышат. Бирок, менимче, бул пикир жанылыш айтылууда. С. Жапаров мен эч кимден өч албайм деп билдирген.

Ошондуктан мен бул жерде саясий интрига болуп жатат го деп ойлойм. Себеби, К. Асанов мындай интригаларга биринчи эле жолу кабылып жаткан жок.

Мындан бир аз мурдараак, К. Асанов Кой-Таш окуяларынан кийин дагы саясий интригаларга кабылып, анын чуусу али бүтпөй келет. Эң негизгиси, ошол кезде К. Асановго карата уюуштурулган интрига аны экс-президент С. Жээнбековдон алыстатуу, ага каршы коюу үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн эле. Кыязы, бул жолу да Курсан Асановду жаңы шайланган Президент С. Жапаровдон алыс кармоо интригасы уланып жаткандай байкалууда. Башкача айтканда эски пластинка эле кайра айланып жаткандай», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости