www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Табылды, агай шайлоонун жыйынтыгынын чыгышы создугуп жатат. Бардык аймактардан добуштар санылып бүттү, бирок парламентке баягы эле олигархтардын толуп алганын байкоого болот. Президент С.Жапаров олигархтардын курчоосунда болобу? Анда “кустурация” жөн гана шоу болуп калбайбы?
--Шайлоонун жыйынтыгы боюнча чын эле парламентке өтө бай адамдар, олигархтар келип алаганы анык болду. Булардын көпчүлүгү мурдагы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесиндегилер. Алар аты башка партиялар менен, кайра шайланып алганы көрүнүп турат. Бул биринчиден азыркы шайлоолордо да акча негизги ролду ойногондугун, экинчиден олигархтардын дагы деле болсо бийликке жана өлкөдөгү бардык саясий процесстерге таасиринин чоңдугун көрсөтүп турат.
--Бул шайлоолор өткөн шайлоолордон эч нерсеси менен айырмаланган жок. Олигархтар бул жолу да бийликти сатып алды окшойт. Булар бийликке неге мынча чырмооктой жармышып алган?
--Ооба эч нерсеси менен айырмаланбады. Жада калса, бул парламенттик шайлоодо ошол эле политтехнология колдонулган. Мисалы, өткөн шайлоолордо олигархтардын бардыгы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстанга» биригип шайлого барышса, мында аларды бир нече партияга бөлүп отургузуп коюшкан. Натыйжада, ошол 5 партия эле парламентке келди. Оппозициянын ичинен «Бүтүн Кыргызстанды» гана айла жок киргизип коюшту. Себеби, «Бүтүндүн» эч качан сатылбаган эң аз дегенде 100 миң же 120 миңден ашык фанаттары бар. Ал эми 5% босогодон 80 миң добуш менен өтүп жатышты. Бир аз окшошураак кылышты.
--Олигархтарга бийликке мынча тырышып эмне шам? Жөн эле бизнесин кыла беришпейби?
--Биринчи кезекте, бийлик бул - кумар. Алар өлкөгө өз таасиринин күчөп жаткандыгын баамдап, кумарга батат. Өздөрүн жарым Кудай сезгенге мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, бийликти өзүнө көз каранды кылып, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоноо үчүн келип жатышат.
--Өз бизнесин коргоо үчүн келишет дешет го. Же туура эмеспи?
--Олигархтар кыргыз бийлигин эле эмес, чет мамлекеттердеги президенттерге, өкмөттөргө таасир берип жатышса, анан кантип алар өз беснесин коргогону келсин? М.Саакашвили айтпадыбы, “бизнесмен мамлекеттик кызматка уурдаш үчүн гана келет, ошон үчүн аларды бийликке мамлекеттик кызматка жолотпош керек” деп. Демек, аларды мамлкекеттик кызматка алып келип жаткан, алардын кызматынан пайдаланып жаткан бийлик өзү шектүү экенин айтып жатпайбы.
--«Ата Мекен», «Азаттык» партиялары да босогону кууп келип 4%га чейин жетиптир. Сервер үзгүлтүккө учурабаганда булар да өтүп кетмек беле?
--Ооба. Кол санак менен деле булар 5% босогодон алысташпаптыр. Демек, булар деле өтүп кетүүгө чоң мүмкүнчүлүк болгон. Мисалы, “Реформанын” былтыркы 3,5% добуштарын эске алсак, анда «Ата Мекен» 2%ды өзү эле чогулта алмак.
-«Эл үмүтү» партиясын президенттин жубайы менен байланыштырып келишти эле. Сервер үзгүлтүккө учурагандан кийин парламентке өтпөй калды. Бирок, «эл үмүтү» партиясы өткөн «Чоң казаттын” ролун ойноду дегендер да жок эмес...
-«Эл үмүтү» 80-90-жылкы жаштар. Алардын айрымдары акчанын каяктан келгенин да түшүнбөй жатканын айтып жатышпадыбы? Ошондон улам, буларды бийликчил деп, биринчи леди менен да байланыштырып жатышты. Эгер баары тынч жыйынтыкталып кетсе, булар деле өтүп кетиши мүмкүн болсо керек. Бирок, сервер өчкөндөн кийин, булар да оюндан чыкты. Бирок, өтпөй калган партиялардын жолун тосуп, алардын сап башында болуп калды. Кыязы, ошого буларды «Чоң казаттын» ролун ойноду деп жатышат. «Чоң казатта» добуштарды бөлүш үчүн колдонулган. Б.а. саясий технология ойдогудай так аткарылды десек болот.
--«Ыйман нуру» партиясынын өтүп кеткени кызык болуп жатат. Былтыр «Ыйман нуру» “Реформа” менен катар 3,5% эле добш алды эле. Бул жолу 5% босогону аттап өтүп кеткени кызык болду окшойт?
--Ооба, «Ыйман нуру» былтыр 3,5% алганда, бул партия мындан көп ала албайт экен деп, анын тизмесинде турган бир топ кандидаттар кетип калган. Быйыл алар жаңы тизме менен барышты. Ошого алардын өтүп кетиши өтө эле кызык.
--Бул партияны бир динге аябай берилген адам түптөп жана каржылап келет деп айтышат. Ал чоң бизнеси бар, бирок акчасынын бир бөлүгүн даватка жумшап, карапайым адамдардын дааватка баруусун каржылаганын айтышат. Анан ошол даватчылар «Ыйман нуруна» добуш беришет экен дешет. Б.а бул адам кыргыздын Гулени болуп жүрбөсүн. «Ыйман уру» даватчылардын партиясы деп да атаганы туурабы? Бул бизнесмендин аракеттери мыйзамдуубу?
--Мурда «Ыйман нуруна» эч ким дел кызыкчу эмес. Бирок, акыркы эки шайлодон кийин баары бул партиянын артында кимдер турат, кимдер каржылып жатат деп кызыга башташты. Сиз айткан маалыматтардын чындыгы бардай. «Ыйман нурунун» кайсы бир дааватчыларды каржылаган бизнесмен колдоп келет дешет. Бирок, ал дааваттарды атайы уюштуруп, анан ошону менен өлкөдөгү саясий процесстерге таасир бергиси келгени туура эмес. Биздин өлкөдө мамлекет менен дин өз өзүнчө бөлүнгөн.
Мамлекет диний иштерге кийлигишпейт, дин мамлекетин ишине кийлигишпеши керек. Бул жерде саясий партия түзүп, аны каржылап, дааваттар уюштурулуп, алардын добуштарын өлкөдөгү саясий процесстерге таасир берүү үчүн колдонулуп жатканы жөнүндө сөз болуп жатат. Менимче бул туура эмес. Ал бизнесмен эже саясатты же «дааватты» тандап алышы керек. Дааватчылардан кыргыз коомчулугунун башка бир бөлүгүнө карама-каршы коюу - бул кылмышка тете иш.
Даватты саясат үчүн колдонууга болбойт. Ал адам ким, исламдын кайсы агымын колдойт, кайсы ислам өлкөлөрүнө барып окуп келген. Чет өлкөлөр менен байланышы барбы, бул маселелер да өзгөчө маанилүү. Иликтениш керек. Себеби, АКШ мусулман өлкөлөрүндө ислам динин колдоп, акырындык менен өлкөгө марионеттик режим орнотуп алууга аракет кылат. Муну атайы органдар карап чыгышы керек го. Балким, бул карапиар. Бирок, кандай гана болбосун, бул партияны кимдер каржылап жатат, текшерип кою артыкбаш болбос.
--Бул жолу админресурс колдонулган жок дегени менен жер-жерлерде өз көмөчүнө күл тартуу бир топ эле болуп жатты го. Буга кандай дейсиз?
--Админресурс башка жагынан байкалды. Мисалы, олигархтардын баары бийликчил партияларга топтолуп алган. Негизи, олигархтар, бизнесмендер бийликчил гана партияларга барышат. Ал эми «Республика», “Ата Мекен” партияларын ыдыратып, майдалап, бөлүп салышты. Анан «Альянска» бириктиримиш болушту. Бирок, алардан Ж.Акаевден башкасы парламентке өтпөй калды. М.Женчороев, А.Мамашевалар такшалып калышты эле. Мындай көрүнүштөрдү мамлкеттин кадр саясатына карата жүргүзүлгөн диверсия деп баалоого болот.
--Анда бул диверсияны А.Шыкмаматов жасадыбы? Буларды бөлүп кетип, өзү «Ынтымакка» олтурду деп жатышкан да...
--Кандай гана болбосун, бул диверсия, карасанатайлык болду. Бирок, мындай окуялар Атамбаевдин учурунда эле болуп келген. Парламентке кирген канча партиялар дивесрияга кабылып, бөлүнүп-жарылды эле.
--Сервердин үзглүтүккө учурашы менен кандай кызыктарды байкай алдыңыз? Мисалы, “парламент жалаң түштүктүн партияларынан түзүлүп калыптыр” деп жатышат. Ташиевдин достору, жердештери кирип, С.Жапаровго жакын адамдар кирбей калды деген күбүр-шыбырлар бар. Бул эки достун ортосундагы ажырымды чонойтпойбу? Сервердин өчүшү диверсия эмеспи?
--Диверсия деп айтуу кыйын. Диверсия болсо, анда БШК өзү эле жасашы мүмкүн да. Себеби, чипти алып жүрүүчү ITишник БШКнын төрайымына баш ийет да. Мен чипке жоопкер ITишник башка бир окуянын каарманы менен салыштырып кетейин. Университеттерде тарых сабагынан сабак берген айрым мугалимдер мамлекеттик экзамен алууга катышпайт. Бирок, эреже боюнча лекция окуган киши мамлекеттик экзаменге катышышы керек. Катышпаган себеби, мамэкзаменди 5 окумуштуу кабыл алат. Алардын бири сөз жок жетекчиликтен түшкөн тизме боюнча «5» деген баага сүйрөлүп келаткан студенттерге жоопкер. Ал тизмеде өкмөт, министрликтен, башка дагы мекемелерден телефон аркылуу келген студенттердин фамилиялары болот. Ал тизме кайсы бир окумуштууга тапшырылат. Б.а. бул окумуштуу «чипти» кармаган ITишниктин ролун аткарат. Эгерде тизмедеги балдар мамэкзаменде өтпөй калса, ал эле эмес, кафедра башчысы, декан, керек болсо ректор да кызматтан кетиши мүмкүн. Ошондуктан, тиги окумуштуу ишти эң мыкты бүтүрүп берет. Лектор окумуштуу өзү студенттерди окутуп алып, мамэкзаменге дайындап алып, аларга өздөрү татыктуу бааларды кое албагандыктан катышпайт. Себеби, ал окутуп жатканда ар кандай методдорду колдонуп студенттерди сабакка кызыктырып окутат. Бирок, чечүүчү күн келгенде, «5» мыкты студенттер албай, сабака келбей эле жүргөн студенттер алып кетет. Ошого лекторлор мамэкзаменге катышкылары келбейт.
Тиги чипке жоопкер адам деле ошондой абалга түшүп калышы мүмкүнбү деп ойлом. Акыр түбү биз Кыргызстандабызда экинибизди да унутпасак. Ошого “чипти алып жүргөн ITишникти кайсы оппозициячыл саясатчы менен байланышы бар экенин изилдеш керек” дегенде мен өтө таң калдым.
--Балким, чын эле диверсия болсочу?
--Диверсия болушу мүмкүн эмес го. Бирок, Кыргызстандын тарыхында бийликке жаңы адам келген адамга карата саботаж болгон учурлар кездешкен. Мисалы, К.Бакиев жаңы шайланганда болсо керек, инагурация учурда К.Бакиев залга кирип келгенде, светти бир саамга өчүрүп салышкан. Дагы жакшы, жанскчылары паника кылбай, баары тынч, билинбей өтүп кеткен. Ошол маалда, чуу чыгып, аны залдан алып качып чыкканда, эмне болушу мүкүн эле, элестетүү кыйын. Мындай учурлар башка президенттер менен деле болгон.
--Анда саботажды президенттин тегерегиндегилер деле кыла бериши мүмкүн экен да. С.Жапаровго карата серверди үзгүлтүккө учуратуу менен эмнени көздөшү мүмкүн эле, эгер ошондой болуп калса?
--Жаңы Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары өтө кең. Ал Констуция боюнча монахтан кем калбаган укуктарга ээ. Жаңы парламент келгенден кийин президенттик система толугу менен калыптанып бүттү. Мындан ары баары президент каалагандай болот. Президенттин курсу кыйшаюсуз аткарылууга тийиш болот. Балким, ошого деле ал өз бийлигин одоно колдонуп ийсе, анын залалы тегерегиндегилерге да тийип калбасын деп деле диверсия жасалышы мүмкүн. Сырттан серверге таасир бергенден эч кимдин кудурети жетпейт болсо керек.
--Демек, сырттан серверге эч ким таасир эте албайт, ал жүз пайыз кол тийгиз десек болот экен да?
--Жок мен андай кепилдик бере албайм. Себеби, АКШ да өткөн президенттик шайлоолордо Орусиянын кийлигишкенин айтып, аны күнөөлөп келе жатпайбы? Электрондук эсептөөлөрдө лөк мамлекеттер мыкты ITишниктерди олтургузуп алып, аралыктан эле кийлигишип, шайлоонун жыйынтыгына таасир берип коюшу мүмкүн.
--Акыркы суроом, протоколдордо дал келбестиктер жөнүндө айтылып жатат. Кайра шайлоого барыш керекпи?
--Кайра шайлоого баруудан коркпош керек. Олигархтарды шайлоодон тажатыш керек. Революцияга караганда, кайра шайлоо мыйзамдуураак. Эгер, кайра шайлоого барыш керек болсо, анда президент С.Жапаров өзүнүн "Мекенчил" партиясын кайра жандандырышы керек да, бардык дежурный бийликчил партиялар таратылышы керек.
Булак: Жаңы Ордо гезити