www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтматовдун каармандары бүгүнкү күндө

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы баланын образдары экрандашууда ишенимдүү жана ынанымдуу чагылдырылган. Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасында “...бул Баланын эки жомогу боло турган. Бири – бир жан билбеген өз жомогу, экинчиси таятасынан уккан жомок” деп башталат. Ал эми биздин кеменгер кинорежиссёрубуз Болот Шамшиев бул чыгарма алкагында шедевр тасма жаратканын ким танат. Мына ошол чыгармада башкы каарман бала деп чагылдырылса, ал эми тасмада баланын аты Нургазы деп аталып калуунун дагы жөнү бар экен. Куттуу төрүбүздүн бүгүнкү коногу атагы алыска кеткен “Ак кеме” тасмасындагы баланын образын жараткан Нургазы Сыдыгалиев ары кызыктуу, ары олуттуу окуялар туурасында маек куруп берди.

- Мектепке бара элек бала болсоңуз дагы тасмада өтө ынанымдуу аткаргансыз, мага ошол кызык болуп турат...

- Туура. Мен актёр катары ойнодум дегенден алысмын, мени ошол экранда дагы кадимкидей жашоодогудай жашаттырган режиссёрдун эмгеги, тасмада роль жаратууда кыйынчылыктар дагы, оңойчулуктары дагы болду, албетте. Эң негизги эмгек Болот Төлөнович - режиссёрдун эмгеги болду. Болот агай профессионал режиссёр гана болбостон, психолог экенин мен эс тартканда билдим. Мен чегинен чыккан шок элем. Сабира апабыз мени жип менен байлап алчу. Текстти жатташыма дагы, тасмадагы ролду купулга толорлук аткарып беришиме дагы бул улуу таланттын салымы зор.

- Кантсе да тарых барактарында атыңыз калып олтурат. Залкарлар арасында тартылуу бактысы кандай болду?

- Мен ал кезде 6 жашка чыгып-чыкпаган бала болсом, залкарлар экени түшүнүгүмдө да түк болбоптур. Ошол тасмадагы көбүнүн көзү өтүп кетти. Чыңгыз абабыз баш болуп, не деген кыргыздын генийлери, калкып чыккан каймактары эле. Ойлоп көрсөм, кыргыздын кыраан уул-кыздары бир заманда топтолгон тура. Мына ушундай таланттардын арасында болгонум үчүн бактым тоодой экенин сезип турам.

“Ак кеме” тасмасы аркылуу Москвада фестивалда СССРдин алп актёр-актрисалары Ю.Никулин, Е.Моргунов, Г.Вицин, В.Лановой, Н.Мардюковалар менен бир мейманканада жайгашып, эртең менен баарын ойготчумун. Дүйнөнү дүңгүрөткөн хоккеист Валерий Харламов өзүнүн клюшкасына атын эстеликке жазып берген эле. Ошолор менен түшкөн сүрөттөрдөн бир гана Г.Вициндин сүрөтү сакталып калыптыр.

- Нургазынын атасын сагынып ыйлаган жери дагы абдан кейиштүү, жашытпай койбойт...

- Ооба. Жогоруда Болот ага менин тасмада “жашаганыма” бүт күч-аракетин жумшады деп баса белгилеп кетпедимби. Мен ошол эпизоддо тартылганда кадимкидей чын ыйладым. Себеби атам менен апам ошол кездерде таарынышып жүрүшөт эле. Атама куса болгонумданбы, айтор, анда каарманды аткарбастан ошол атама болгон сагынычтан улам чыккан чыныгы көз жаш эле.

- “Ак кеме” тасмасы кандай ийгиликтерди багындырды?

- 1976-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында өткөн IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгени багындырган тасманын оператору Манас Мусаев болгон. Тасманын үч негиздөөчүсүнө 1977-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бул бир. Экинчиси каарманым мага акжолтой болду, ошол маалда мага үй берилди. Себеби апам, иним болуп темир жолдун жанында тоокканадай болгон орустун батиринде жашачубуз.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости