www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Тышкы саясатыбызга кандай баа бересиз? Чет элдик расмий визиттер уюштурулуп, президенттер келишеби? Ушул өңүттөн ынанымдуу сунуш, ой-пикирлерди айта аласызбы?

-- Бир жылдын ичинде тышкы саясат толук кандуу алып барылган жок. Себеби, бийлик алмаштырылгандан баштап өлкөбүздүн саясый архитектурасы бузулуп, жаңылоо, башкаруу системасы түзүлдү. Ошондуктан бийлик көп күчүн ички саясаттагы өзгөрүүлөргө буруп жатты.

Жаңы бийлик келгенде башка мамлекеттердин башчылары менен жакшы таанышканга убакыт кетти.

Ар кандай форматтагы жолугушуулардан калбай, мамлекет башчыбыз активдүү катышып жатканына күбө болдук. Жылдын аягында өлкөнү башкаруу системасын толугу менен топтогонго, эң маанилүү иш-чара 28-ноябрда мыйзам чыгаруу бийлигине парламенттик шайлоо өткөрүлдү.

Эми бийлик бутактары легитимдүү түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн тышкы саясат фазасы активдүү башталат.

Бийлик Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүүгө баш салган, бирок дүйнөдө эч бир мамлекет өз алдынча башка мамлекеттерсиз, өзгөчө күчтүү державалардан баш тартып, өз экономикасын көтөрө албайт. Ошондуктан көп мамлекеттер менен иш алып барууга мажбурбуз.

Биздин мамлекетибизге чоң ишеним пайда болсо, ошондо сырттан көп инвестициялык долбоорлор пайда болот. Ал үчүн биз аларга өзгөчө долбоорлорубузду сунуш кылышыбыз зарыл.

Ошондуктан көп иш-чаралар тышкы саясатты дүйнөлүк деңгээлде чыгарып чечүү үчүн ички саясаттын даярдагынан белгиленет. Эгер биздин бийлик даяр болсо, анда дүйнөлүк лидерлер биздин өлкөбүзгө сапарлары менен келишине ишенем.

Ички саясат – тышкы саясаттын уландысы, ошондуктан экономикабызды көтөрүүгө көп тараптуу саясат ишке ашышы керек. Мисалы, АКШ менен 2015-жылы денонсацияланган кызматташтык келишимди ордуна келтирүү маанилүү иш. Ошондо биз толук кандуу дүйнөдөгү интеграцияга аралашып, экономикабызды жаңы деңгээлге жеткиребиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости