www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Табылды мырза, Орусия акыркы жылдары дүйнөлүк аренада бир топ кысылып калганы көрүнүп турат. АКШ менен Орусиянын ортосундагы таасир талаш Орусиянын жеңилиши менен бүткөнсүдү. Бүгүн болсо, Түркия мамлекети Сирияга катуу таасир берип жатат. Орусия дүйнөлүк аренадан суурулуп барат. Бул эмнеси менен кооптуу?

– АКШ менен Орусия Крым аннексияланды деп күнөөлөнгөндөн тартып, катуу тирешке өтүштү. Дүйнө өлкөлөрү Орусияга мамилесин кескин өзгөрттү. АКШ менен Батыш Орусиянын ийкемдүү болуусун каалайт. Бирок, Орусия дүйнөлүк держава катары ага моюн сунгусу келбей келет. Крым аннексиялангандан кийин Батыш банктары Орусия менен иштешүүдөн баш тартышты, акча мурдагыдай жүгүртүлбөй калды. Орусиянын мамчиновниктеринин Батыштагы эсептери жабылды. Бирок, Орусия буга жооп катары өз өлкөсүнүн ички резервдери аркылуу өнүгүүнү туура тапты. Мындан башка, Орусия КМШ мамлекеттери менен тыгыз байланышта болууну көздөп келет. Бирок, эгемендүүлүккө араң жеткен анын коңшулары мурдагыдай тыгыз интеграцияны каалабай жатышат.

ФСБ Путиндин бийликке келиши менен аны пиар кылуу үчүн чоң, түбөлүктүү проект иштеп чыккан. Ага ылайык Путинди орус жерлерин жыйноочу деп таанытуу менен анын имиджинин өсүшүн камсыздоо каралган. Мына ошентип, Путин бир нече жолу шайлоолорду оңой утуп келген. Буга ылайык КМШ өлкөлөрүндө ар кандай майда жана чоң иш-чаралар өткөрүлүп келген. Жалпы жонунан айтканда Москва КМШ өлкөлөрүнүн президенттерин колдогондой эле, бул өлкөлөрдө да Орусиянын жетекчилигин шайлоолор учурунда колдоого алуу көрүлүп келет.

Бирок, акыркы мезгилде бул проект жакшы иштебей баштады. Себеби, Батыш КМШ жетекчилерин кысып, мурдагыдай ляппай деп колдоодон баш тарттырып жатат. Ошого акыркы мезгилде Батыш революция кылып жибербесин деген Белорусия кетенчиктеп калды. Өзбекстан да ЕврАзЭСке киребиз деп, алып, аягында дүйнөлүк саясаттагы каршылыкты туйгандан кийин, артка кайтып, кирбей тургандыгын жар кылды. Казакстан эбактан эле дистанцияда келатат. Жада калса Молдова да батынып, ачык колдоодон коркуп калды. Бир эле ЛДПРдин лидери Жириновский Кыргызстанды Орусиянын бир областы кылууга да дайын деп билдиргениндей биздин саясатчылар бурчтан чыга калып айкырып, Түндүккө жагалданып, мен кулун да болгонго дайынмын дегендей позага тура калып жүрүшөт. Бул саясатчы сөрөйлөр унчукпай койсо, бийлик үчүн, мансап үчүн койнундагы катынын тургай, бала-чакасын да дүңүнөн сатууга дайын экени айдан ачык.

Шайлоо шайлоо менен, бирок, шайлоого барган лидерлер элге убада берээрден мурда жакшылап аны негиздеп, анан билдирүүлөрдү таратса жакшы болмок эле. Шайлоо компаниясы баштала электе эле лидерлер Кыргызстанга эки граждандык киргизүү туура деп, убадаларды берип, элди алдап жатышат. Бирок, убада деген убада да, аны бергенден кийин, аткаруу керек. Аткарганда да, ишти өтөлүнө чыгара бүтүрүш керек. Бирок, эки граждандык кандай негизде киргизилет, бул маселе анан кабыл алынгандан кийин, өлкөнүн статусу кандай болот, ушуга окшогон улуттук кызыкчылыкка тиешелүү көп маселелерди камтырын билгиси да келбейт. Эптеп, элди, шайлоочуларды алдап, депутат болушса болду.

Мисалы, Германия бул өлкө менен чектеш аймактарда жашаган италиялык, австриялык, франциялык немистерди аскерге албайт. Себеби, улуттук кызыкчылыкты сатып кетпесин деп кооптонушат. Түркияда башка улуттарды аскерге албайт. Бизде эле саясатчылар мамлекет деген түшүнүктү туура жана мыкты аңдап биле бербейт. Билсе да, билмексен болуп, Түндүккө деле Түштүккө деле ляппай деп, позага тура беришет.

Бүгүнкү күндө Кант авиабазасын Орусия биротоло алат экен деген сөз тарап жатат. Кант базасын территориясын кеңейтип, жаңыртып оңдоп, ал жерге ракета жана башка оор куралдарды жайгаштыргыдай кылып, анан анын территориясын толук бойдон Орусия өз ээлигине өткөрүп алат экен деген сөздөр тароодо. Б. а. Кыргызстан биротоло түбөлүк күнкор мамлекетке айланат экен деген кооптонууну айтып жатышат. Балким, бул кара пиар чыгар. Бирок, мындай сөздүн элита арасында жүрүп жатышынын өзү өтө опурталдуу. Анан калса, шайлоолор алдында.

– Табылды мырза, айтсаңыз, акыркы мезгилде шайлоолорго байланыштуу саясий температура көтөрүлө баштады. Кечээ эле Бишкекте митинг кубаланып, таркатылды. Акаев да, Бакиев да өз партиясын бийликке алып келип кулады? Атамбаев КСДПнын саясий кеңешине өзүнүн кланын, жакындарын толтуруп алып, партияны эки бөлүп алып, өзү камалып тынды. Бул кызыктуу процесстерди кантип түшүндүрө аласыз?

— Акаев да, Бакиев да, мыйзамдарды одоно бузуп, бийликти өз кызыкчылыктарында пайдаланабыз деп кулашты, Атамбаев болсо камалды. Президент бийликти шайлоолор аркылуу элден өз колуна өткөрүп алат. Эл ага саясий социалдык заказ берет, Конституция, Шайлоо Кодексин, мыйзамдарды бузбай, элдин кызыкчылыгында аракеттен деп. Бирок, эл Акаевге өз балаңды, кызыңды парламентке алып кел деп тапшырма берген эмес да, кеминизм, кушчизмди гүлдөт деп айткан эмес да. Миңдеген жаштар Орусия, Казакстанда мигрант болуп жүрсө, Акаев баласын да, кызын да ЖКга депутат кылып жатат. Албетте, жаштар чыдабай кетти. Жаштар оппозицияны ээрчип кетти. Бакиевге бийликти инилериңдин кызыкчылыгында пайдалан, уулуң Максимди ЦАРИнин башына коюп, өлкөнүн бүтүндөй акчасын анын колуна өткөрүп кой, стратегиялык объектилерди сат деген эмес да. Атамбаевди шопуруңду, секретаршаңды, завхозуңду, жан сакчыларынды, жардамчыларыңды үч уктаса түштөрүнө кирбеген стратегиялык чоң кызматтарга кой, КСДПнын саясий кеңешине киргизип алып, кайра чоң саясатка кайтып келүү үчүн өзүңө жол ач, Конституцияны өзгөрт. 31-августта Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сөгүп, уяткарып, өзүңдү элдин таламын талашкан жалгыз революционер катары көрсөт деген эмес да. Аны сындаган ММК өкүлдөрүнүн мүлктөрүн сот аркылуу тартып ал деген эмес да. ЖКга КСДПга клон болгон «Кыргызстан», «Бир Бол», «Өнүгүү» партияларын алып келип алып, бийликтин контролдук пакетине ээ болуп ал деген эмес да. Мунун баары анын өзүнүн, Кыргызстандын Конституциясынын, Шайлоо Кодексинин, мыйзамдарынын нормаларын айланып өтүү амалы болуп жатпайбы. Көрдүңүзбү, биздин бардык президенттерибиз бийликке келген кишиде социалдык заказ болоорун унутуп калып, бийликтен жылмышып, кулап жатышат.

– Анда С. Жээнбековдун социалдык заказы кандай?

– С. Жээнбеков өзүнүн социалдык заказдарын туура түздү. Кыргызстанда коррупцияга каршы нукура күрөш жүргүзүү, мөөнөтү бүткөнчөктү региондордогу калктын жашоо-турмушун жакшы жагына өзгөртүү, ар бир айылга таза суу киргизүү, инфраструктурасын оңдоо, өлкөнү толук санариптештирүү ж.б. Бул социалдык заказдар аткарылып жатат. Өлкөнү демократиялык багытта өнүктүрүү боюнча да алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Бул жаатта мурдагы президент Атамбаевдин кетирген тышкы жана ички саясаттагы каталарын оңдоо, тышкы саясатты турукташтыруу, саясий куугунтуктарды токтотуу, мыйзамсыз камалгандарды эркиндикке чыгаруу, мурдагы бийликтен запкы жеген ММК өкүлдөрүнүн проблемаларын чечүү, аларга өз укуктарын коргоого толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү ж.б. иштер аткарылды жана аткарылып жатат.

Саясий багытта демократиялык шайлоолорду өткөрүү жана бийликти мыйзамдуу тынчтык жолу менен өткөрүп берүү заказы да бар. Бул багытта да аракеттер бар. С. Жээнбеков жакында ЖКга барып, көптөн бери талкуу жаратып келген 9% босого проблемасы боюнча өзүнүн оюн билдирди. Ал 7% бизге туура болсо керек деп, парламенттин чечүүсүнө калтырды. Парламенттен жаңы ЖК ишке киргенче керектүү деп табылган бардык мыйзамдарды карап чыгып, тезинен кабыл алып берүүсүн өтүндү. Анын ичинде «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алып бергиле деп суранды.

Бул багытта эң чоң көйгөй парламенттин сапатын жогорулатуу маселеси бар. Б. а. клон партиялардын тагдыры. Алардын заказчиги бүгүн бийликте жок. Алар өз миссияларын аткара алышкан жок. Муну «Кыргызстан», «Өнүгүү», «Бир Бол» клон партияларынын лидерлери да моюндарына алып жатышат. Анан каякка барат? Мен аткардым десе эле, ММКлар жаалап кетиши мүмкүн. Ошондуктан, А. Сулайманов биз убадаларыбызда аткара алган жокпуз деп, ачык коомчулукка жар салды. Бирок, булар эмне себептен убадаларын так аткара албай калгандарынын себебин так айтпай жатышат. Биз аткара албай калдык, себеби биз КСДПнын клон партиялары болчубуз. Атамбаев шайлоолорго 4-5 ай калганда, бизди түзүп кнопканы басыш үчүн эле парламентке киргизип койгон болчу. Биз кнопканы бас десе эле, баса берип, Атамбаевдин кылмыш кылып жатканын да байкабай калыптырбыз. Биз өлкөнү контролго алуудан коркконбуз деп ачык айтыштары керек деп ойлойм. Ошондо алар келаткан парламенттик шайлоолорго катышууга моралдык укук алышмакпы дейм. Бүгүн булардын моралдык укугу жок. КСПДнын клондору «Кыргызстан», «Бир Бол», «Өнүгүү» саясий партиялар эмес, булар өткөн парламенттик шайлоолордо башка КСДПнын атаандаштарынан болгон парламентке өтпөй калган партиялардын добуштарын өлкөнүн Конституциясынын, Шайлоо Кодексинин, мыйзамдарынын нормаларын айланып өтүү амалын пайдаланып парламентке келген, Атамбаев менен чогуу бийликти узурпациялоого катышкан топтор деп айтсак туура болчудай. КСДП жана дал ушул клон партияларынын колдоосу менен Атамбаев бийликти узурпациялап алган. Булар Атамбаев бийликте турган кезде, ага тике карап, анын кемчиликтерин, кылмыштарын, саясатчыларды мыйзамсыз камап, журналисттерди соттогон мыйзамсыз аракеттерин бетине айта алышкан эмес. Булардын кийинки парламентте деле өз жүзү, өз сөзү, өз позициясы болот деп ишенүү жана элдин кызыкчылыгында аракеттенет деп айтуу кыйын.

— Жакында эле А. Сулайманов элге кайрылып, шайлоочуларды арзан сатылбай, добуштарды 20 миң сомго сатыш керек дегендей билдирүү кылды. Ушул туурабы?

– Албетте, А. Суйламановдун сөзүн ар түрдүү түшүндүрүп жатышат. Айрымдар биз келебиз добуштарыңарды бизге саткыла, деди дешсе, айрымдар булар атаандаштарын адаштырып, добуштарды сатып алышсын, анан укук коргоо органдарына карматып, аларды оюндан чыгарып, өзүбүз кайра парламентке келебиз деп ойлоп жатат деп жатышат. Айрымдар болсо, бул жолку парламенттик шайлоолордо добуш сатуу болсо сөз жок бир нече райондо чатак чыгып, анан ал жалпы нааразычылыктарга өтүп кетээрин болжоп жатышат. Б. а. Акаевди кулатуу сценарийин кайталоо каралып жатат. Ошондуктан, лидерлер «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деген накыл сөздү жадынан чыгарбай жүрүшсө жакшы болмок.

– Талаш туудурган босого 7% болмой болуп калды көрүнөт. Кандай дейсиз?

– Өткөндө президент С. Жээнбеков парламентке барып өз оюн билдирип, туура кылды. Бул маселенин чечилишин парламенттин өзүнө койду. Ошого 7% токтолушат го деп ойлом.

— Анда эмнеге башка саясий партиялардын активдүүлүгү аз болуп жатат?

— Биринчиден, клон партияларда өтө бай адамдар бар. Алардын олигархтары 5 жыл ичинде байып алышты. Экинчиден, саясий партияларды дагы түйшөлткөн эки маселе бар. Биринчиси, аялдардын квотасы 30% чейин көтөрүлгөнүн айтып, кабатырланып жатышат. Б. а. тизмеде ар бир 3 кандидат аял болушу абзел. Аялдар шайлоо фондуна да, рекламалык фондго да акча төлөй алышпайт. Бизде бай аялдар аз, жокко эсе. 200 миң долларды эч ким бере албайт. Ушул маселелер саясий партияларга проблема жаратып, алардын көпчүлүгүнүн шайлоолорго катышуусуна тоскоолдуктарды жаратып жатат десем болот.

Аялдардын квотасынын 30% көтөрүлүшү туура эмес. Себеби, башка өлкөлөрдө аялдар үчүн квота деле жок да. Партиялар өзүлөрү алардын тизмеге киришине кызыкдар болушат. Себеби, аялдар жок партияга аялдар добуш бербей коюшат деп чоочуркашат. Бул норманын терс жагы – эркектер арасында толук кандуу конкуренция жүрбөй калат. Себеби, аялдардын акчалары жок болгондуктан, саясий партиялар шайлоо фондуна жана рекламага акча таба алышпай, кайра эле олигархтардан көз каранды болуп калышат. Ошого алар өз тизмелерине интеллигенциянын катарынан адамдарды киргизе алышпайт. Бул болсо, олигархтардын парламентке үйүлүп алуусуна шарт түзөт. .

Менимче, СССР кулагандан кийинки алынган мыйзамдар таптаза бүгүнкү күндүн реалдуулугуна туура келбей калды. Бүгүн 30 жашка чыкпай эле миллионер болуп жүргөн жаштар толуп жатат. Атамбаев ошолордон үч клон партия түзгөн. Бабановдун партиясы да жаштардан түзүлгөн. Башка улуттардын өкүлдөрү да миллионер, миллиардер болуп, мандат эле эмес, добуш да сатып алып жатат. Партия лидери эле эмес, партиялар аларга көз каранды болуп калды.

Ошондуктан, мен ойлойм, аялдардын 15% квотасы калыш керек. Ал эми улуттар жана жаштар квотасы жоюлушу керек да анын ордуна 30% интеллигенциянын өкүлдөрүнө 20% же 30% квота берилсе туура го дейм. Ошонун ичинде аялдар, жаштар, башка улуттун өкүлдөрү да болмок деп ойлойм.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости