www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жүк ташуу менен алектенген айдоочулар Ирандын аймагынан чыга албай калышты. Акыркы маалыматтар боюнча, 76 автоунаа, Кыргызстандын жарандарынан 76 айдоочу Түркмөнстан чек арасын жапкан, 18-февралдан тарта Ирандын аймагында. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта басма сөз жыйынында транспорт жана логистика комитетинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек билдирди.

Анын айтымында, учурда айдоочуларда азык-түлүк жана акча каражатына болгон муктаждык жогору. Ал эми коронавируска байланыштуу Ирандагы чектөөлөрдөн кийин банк аркылуу да акча которуу мүмкүн болбой жатат. Айдоочулардын айрымдары чек аралардагы пункттарда, айрымдары Ирандын ичиндеги пункттарда токтоп калышкан. Алар унааларын таштап да кете алышпайт.

“Учурда ал айдоочулар менен түз байланыш мүмкүн болбой жатат. WhatsApp тайпалар аркылуу гана байланышып жатабыз. Ирандын ичиндеги карантин, чектөөлөргө байланыштуу Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү да алар менен түзмө-түз жолугуша албай жатат. Иран менен коңшулаш, чектеш өлкөлөр аркылуу коридор алып, жарандарыбызды чыгарып кетүү керек. Алар биздин жарандар.

Экономикалык жактан карай турган болсок, айдоочулар 18-февралдан тарта чыга албай калышты, жүктөрү бар. Бул жактагы ишкерлер — жүктүн ээлери да зыян тартып жатышат. Маселени Түркмөнстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып жатабыз”, - деди Т.Маткерим уулу.

Ошондой эле, азырынча айдоочулар ден соолугуна байланыштуу маселе жаралганы тууралуу маалыматтар жок. Иран тарап мүмкүн болгон шарттарды түзүшкөн. Мисалы, пункттарда, бекеттерде жуунучу жайлар, тамак-аш бар. Медициналык текшерүү да болуп жатат. Бирок айрым айдоочулар пункттарга жетпей орто жолдо, айрымдары чек арада кезек күтүп турган жерден токтоп калышканы айтылды.

Азыркы учурда кыргызстандык айдоочуларга транзиттик жол табуу үчүн Ирандагы элчилик, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен чектешкен өлкөлөрдүн тиешелүү өкүлчүлүктөрү менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бир жүк ташуучу унаада 70 миң доллардан тарта 150 миң долларга чейинки жүктөр болот. Ирандагы кыргызстандык айдоочулар помидор, алма, кийим-кече, кездеме жана турмуш-тиричиликке керектүү товарларды, буюмдарды жүктөшкөн. Учурда азык-түлүктөр, жер-жемиштер түшүрүлүп, бузулбай турган буюмдар гана калды.

Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүн, 6 мартка карата Иранда коронавирустан 107 адам каза болуп, 35113 адамга жукту. Алардын арасында өкмөт өкүлдөрү да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости