www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиландда кырсыкка учураган кемеде Кыргызстандын эки жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Таиланддагы ардактуу консулу менен биргеликте дароо тиешелүү иштерди уюштуруп, сейилдөөчү катерде болгон кыргызстандыктар менен түз байланыш түздү.

Алынган маалыматтарга ылайык, окуянын натыйжасында кыргыз жарандары жабыркаган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алар сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жарандар менен байланышта болууну улантып, кырдаалды өз көзөмөлүндө кароодо. Алар 15-январга өлкөгө келери айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда Таиланддын Пхукет шаарында Korawich Marine 888 сейилдөө катеринин балык уулоочу кеме менен кагылышуусунан 55 адам жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

Последние новости