www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланддын Нонтхабури провинциясындагы мектептердин биринде болгон ок атуудан 7 адам каза болуп, 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу 7-августта Khaosod басылмасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Нонтхабуридеги Тепсирин мектебинде болгон окуяда үч мугалим, үч окуучу жана кол салган адам каза болду. Ал өз жанын кыйган.
Полициянын маалыматына караганда, кол салган адам 14 жаштагы мектеп окуучусу болгон. Ал кеминде 26 жолу ок чыгарган
Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери жана тез жардам бригадалары иштеп жатат. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.