www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайвань келерки жумада аралдын түштүгүндө чыныгы октор жана ок-дарылар колдонула турган артиллериялык машыгууларды өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Тайвандын CNA агенттигинин маалыматына караганда, армиянын билдирүүсүндө, аралдын түштүгүндөгү Пинтунг провинциясынын Фингганг шаарында 9 жана 11-августта эки башка артиллериялык машыгуу өткөрүлөт.

Машыгууларда 155 миллиметрлик окту атуучу 78 даана гаубицанын жана 6 даана 120 миллиметрлик минометтун абага жана деңизге ата турганы айтылды. Ошондой эле армиянын жылдык машыгуусу 5-сентябрда өтөөрү белгиленди.

Бул билдирүү Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин сапарынан кийин Кытай аралдын айланасында чыныгы окторду жана ок-дарыларды колдонуу менен аскердик машыгууларды баштагандан кийин жасалды.

Бүгүн бүтүшү күтүлгөн машыгуулар Кытайдын эгемендүүлүк жаңжалында турган аралдын айланасында иш жүзүндө блокаданы жаратты. Машыгуулардан улам кээ бир аймактар ​​кеме жана учак кыймылына жабылса, кысыктагы коопсуздук маселесинен улам каттамдардын үзгүлтүккө учураганы билдирилди.

Ал арада Кытайдын армиясы өлкөнүн түндүгүндө жаңы машыгууларды баштаары кабарланды. Деңиз коопсуздугу башкармалыгы тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Пекинге жакын Бохай деңизинде 8-август-8-сентябрда жана Сары деңиздин түштүгүндө 7-15-сентябрда боло турган машыгуулардан улам аталган аймактардын кеме кыймылына жабыла турганы белгиленди.

 

Последние новости