www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тайвань өкмөтү 9- жана 11-августта Пиндун уездинин Фэнган деңиз портунда аскердик машыгуу өткөрүлө турганын билдирди, деп билдирет аралдын борбордук маалымат агенттиги.
Машыгуулар Тайвандын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн текшерүү максатында өткөрүлөт.
Аскердик машыгуулар учурунда Тайвандын аскерлери оор артиллерияны колдонот. Аскердик бөлүккө 78155 гаубицасы жана 6120 миномёту күжүрмөн атуу үчүн жөнөтүлөт.
Маалым болгондой, аралдын аскердик департаменти мындай чараларды Кытайдын аскерлеринин Тайвандын айланасында өткөргөн машыгууларына байланыштуу кабыл алган. Жарым-жартылай таанылган мамлекеттин жетекчилиги келечекте мүмкүн болуучу аскердик операцияларга байланыштуу армиянын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн күчөтүү зарыл деп эсептейт.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин сапарына жооп иретинде Кытай 4-августта Тайвандын жанында аскердик машыгууларды баштаган. Машыгуулар Тайвандын алты аймагында өттү.
Булак: NazarNews.kg