www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дуров 10 эреже бузууга жана бир нече кылмыштарга айыпталууда.

Франциянын бийлиги Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровду АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын макулдугусуз кармай алмак эмес. Бул тууралуу америкалык журналист Такер Карлсон өзүнүн программасында билдирди.

"Бул олуттуу кадам. Макрон муну Байдендин администрациясынын колдоосу же макулдугусуз жасай аларына ишенүү өтө кыйын", — деди ал.

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров 24-августта Париждин Ле Бурже аэропортунда кармалган. Франциянын прокуратурасы 28-августта билдиргендей, ишкер тергөө абагына киргизилген эмес, бирок ага республиканын аймагынан чыгууга тыюу салынган жана беш миллион евро күрөө төлөө милдеттендирилген.

Дуров 10 эреже бузууга жана бир нече кылмыштарга айыпталууда. Анын ичинде уюшкан топ тарабынан мыйзамсыз транзакцияларды жүргүзүү максатында онлайн-платформаны башкарууга шериктеш болгондугу айтылды. Ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости