www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандардын кайрылууларын эске алып жеңил унаалар менен жүргүнчү ташуучу айдоочулар үчүн лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылганын билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата 8000дей жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алганы айтылды.
Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуу 2025-жылдын 12-сентябрынан тарта милдеттүү болмок. Бирок бул мөөнөт жылдырылып, 2026-жылдын 1-февралынан тарта ишке кирет деп айтылган. Натыйжада, 2-февралдан баштап лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталмак. Бирок лицензия алгандар аз экени, мөөнөттү дагы узартпаса, такси баасы кымбаттап, жумушсуздук көбөйөрүн айткандар болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, айдоочулар да, жүрүнчүлөр да буга даяр эместигин айтып, мөөнөттү дагы жылдыруу зарылдыгын белгилеген.