www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Крым жана Донбасс боюнча элдердин өз тагдырын өзү аныктоо принциби колдонулбай турганын билдирип, бул аймактарда Украинанын аймактык бүтүндүгү биринчи орунда турушу керек деген позицияны карманды. Анын айтымында, БУУнун укуктук башкармалыгы ушундай жыйынтыкка келген.
Бул билдирүүгө РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова кескин жооп берип, БУУнун катчылыгы эл аралык укукту тандалма колдонуп, «акылга сыйбаган» чечимдерди чыгарып жатканын билдирди.
Россия тарап БУУнун позициясын кош стандарттын ачык мисалы катары баалоодо. Анткени АКШ тарабынан Гренландия боюнча айтылган дооматтарда жана талкууларда элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугу эске алынып, Даниянын аймактык бүтүндүгү маселеси четке кагылууда. Ал эми Донбасс, Крым жана Новороссия маселесинде БУУ бул принципти четке кагып, таптакыр башка позицияны карманууда.
Мындан мурда РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров БУУга расмий кайрылып, эгер Гренландия калкынын өз тагдырын өзү аныктоо укугу таанылса, анда эмне үчүн Донбасс, Крым жана Новороссия калкы үчүн бул укук колдонулбай жатканын сураган. Анын айтымында, БУУ бул маселеде АКШнын кызыкчылыгына ылайык мамиле жасап, бейтараптуулук принциптеринен алыстап кеткен.
Москва БУУнун мындай позициясы уюмдун калыстыгына жана эл аралык укуктун универсалдуулугуна олуттуу шек жаратат деп эсептейт.