www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрбөө эскертилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Эс алуу күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөр көп болот. Айдоочуларга ага карабай жол кире баасын туруктуу кармоо зарылдыгы айтылды.

Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, анда кошумча транспорт каттамга киргизилет.

«Азыркы учурда Автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө», — дейт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости