www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч жаштагы кызын калтырганга эч ким жок болгондуктан жанына кошо алып жүрүп такси айдап иштеген Нурилло Мухаммеджановго коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында ага белгисиз адамдар чыгып, кайсы бир атка минерге жолтоо болуп жатканын айтып, түрдүү коркутууларды жасашууда. Бирок кайсы таксистке кайсы аткаминердин куйругун басканын так айтышкан эмес.

“Мага белгисиз адамдар чыгып, кайсы бир атка минердин жолун кескенимди айтып коркутушууда. Кимге, кайсы атка минерге жолтоо болгонумду айткан жок. Башында мени мындай коркутуп жатышат эле, мен моюн бербей койсом, кызыңды уурдап кетебиз деп коркута башташты. Кызымды бир жеке бала бакчалардын бири бекер алып, ошол жака барып жаткан. Коркутуулардан кийин азыр жалгыз калтыргандан коркуп, таксиде иштегенде жаныма алып жүрүп жатам”, - дейт Мухаммеджанов.

“Учурда эмне кыларымды билбей калдым. Эки баламды алып өлкөдөн чыгып кетпесем, өлтүрүп кетишет окшойт”, - деп кабатырланат Мухаммеджанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости