www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таксидеги тагдырлар... Ош- Ноокат жолу…

60 жаштагы тааныш айдоочу агай бар, жакшы сүйлөшүп келебиз. Бир күнү таңга маал уйкусурап айдап баратат унааны. Көзү кээде жумулуп кетет, алаксытып сүйлөп коём.

Көрсө, кызы бешинчи баласын төрөгөн соң, көкүрөк рагына кабылыптыр. "Кызымды үйдө карап жатабыз. Баласы ыйлаак, кемпирим экөөбүз алмак-салмак карап чыктык.

Таңкы намаздан кийин чыдабай, такси кылганы чыгып баса бердим"- дейт.

Беш айдан соң, дагы туш келип калдык. 

--"Кызыңыз жакшыбы, ата?".

--Каза болуп калды. Неберемди багып атабыз...

Жымжырттык...

Таксиге чыктык, жакынкы күнү. Күн суук… Эки "заманбап" кыздар жана мен. Унаанын меши иштебейт экен, а жанагы кыздар Ошко жеткенче айдоочуну "жеп" коюшту.

"Эптесеңиз тирилик кылыңыз, алдамчысыңар таксичилер, бергенибиз буйрубасын, оңдотуңуз да печканы"...

Унчукпай кете бердик. Шаардын бир четинде калышты. Айдоочу сөз баштады. 

"Кечээ 1 000 сомго печканы ондотком, бүгүн дагы иштебей калыптыр.

Бүгүнкү иштегениме көмүр алышым керек. Аялым да ишке кеткен, эки баламды оорукчан апама таштап коюп, көмүргө иштеп жүрөм. Сүйлөнүшсө да оңдотконго шартым жок"...

Үнсүздүк....

Өзбек улутундагы 45 жаштагы айдоочу менен бараттым. Ал экинчи аялына тоок кепе курганы баратканын, ал аялы өтө оокатка тың экенин, балдарын жайгаштырганын айтып баратты. Бизде баарыбызда экинчи аял бар дейт, туугандарымда.

"Атам бухгалтер болгон. Анан каарыды, көз жумду. Батасында тизилип турсак эле, 3 келин "даадааа" деп ыйлап кирип келсе. Ага-инилериме карасаңар, бизге окшош экен, бир болсо атамдын жашырган кыздары десем, «коюңузчу» дешет.

Көрсө, атам апама мен Бишкекке окууга кеттим деп туруп, Кызыл-Кыядагы аялына барат экен. Апам карып калгандыктан укпай, түшүнбөй калды. Апамдын көзү өткөн соң катташып жатабыз, -дейт.

Таң калуу....

Кечке жуук иштен кайттык. Жанымда жаш келин. Көзүнөн ыйлаганы көрүнүп турат.

"Эже телефонуңузду берип туруңузчу". Бердим. 

--"Айа" (апа) мен кетип атам үйгө"...буулуп сүйлөй албай калды. 

--Телефондун артынан "артына кайт, атаң өлтүрөт". 

Телефонду өчүрүп берип коюп, айнек жакты карап буулуп жатты. 

--"Менин үйүмө барасын, кыжыл болбо", колунан кармадым. Айласыз жылмаюу.

Жарым жолго жеткенде, апасы кайрадан чалды. "Каерге келдиң, иниң күтүп алат"…

Энелик мээрим.

Түрдүү тагдырлар... жашоо ушунусу менен кызыктуу...

Арфа Бакиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости