www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 4-декабрда болжол менен саат 03:53 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 11-кичи районунан акча тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 03:40 чамасында белгисиз эки жаран күч колдонуп, акчасын тоноп кеткен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган И.А. жана 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандарды кармашып, октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости