www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында "Дастан" ишканасы менен "Евразия сактык банкын" Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна кайрадан өткөрүп берип жатканын билдирди. Себеби алардын санариптештирүүгө эч кандай тиешеси жоктугу менен түшүндүрдү.
Мындан улам, "биз мындан ары жалаң санариптештирүүнүн үстүндө иштей баштайбыз, башка долбоорлор болбошу керек", - деп айтты.
Ошондой эле, “Мега” компаниясы менен “Кыргызтелеком” ишканасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында калаарын, аталган ишканалар санариптик процессти дагы да тездетүү үчүн зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетчү жагдай, Талантбек Иманов Санарипти өнүктүрүү министри болуп келгенде, жогоруда аттары аталган стратегиялык маанидеги кирешелүү ишканаларды өзү көзөмөлгө алуу үчүн Мүлк фондунан өзү башкарган министрликтин карамагына өткөрүп алган.
Булак: NazarNews.kg