www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин имараты президенттик аппараттын балансына өткөрүлүп берилген эмес. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Талант Мамытов билдирди.

Ал белгилегендей, ЖК имараты жана кызматтык батирлер мыйзам чыгаруу органынын балансында турат.

«Парламенттин имаратын кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы жок. Ушул үч күндүн ичинде, спикер, сиз депутат Өмүрбек Бакировду иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгаруу боюнча чечим кабыл алышыңыз керек болчу. Маселе биздин ар бирибизге, кесиптештерге тиешелүү», - деди Мирлан Самойкожо.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткет. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости