www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спикер Талант Мамытов кызматынан чегинди

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан чегинип, анын ордуна вице-спикер Аида Касымалиева төраганын милдетин аткаруучу болду. Бул туурасындагы маалыматты төраганын орун басары өзү тастыктады. "Төрага Талант Мамытов атайын тескеме чыгарып укуктарын убактылуу өткөрүп берди", —  деп билдирди Касымалиева.

Эске салсак, спикер Мамытов "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган. Бирок 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып, аны талапкер катары каттоодон баш тарткан. Анткен менен бүгүн Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости