www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов менен Жанар Акаевдин кайым айтышуусу

Жогорку Кеңеште бүгүн, 10-мартта Конституциянын жаңы долбоорун экинчи окууда кароо тууралуу сунуш айрым депутаттардын каршы пикирин жаратты. Депутат Жанар Акаев өз сөзүндө Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламентте регламентти одоно бузуу менен каралып жатканын айтты.

«Кайра добуш берүүгө келишибиз керек. Эгер регламентти бузуп, өлкөбүздүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алабыз десек, бул шерменде Конституция болот. Кечээ эмне үчүн конституциялык түзүлүш боюнча комитеттин жыйыны болбой туруп бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда бир кароого киргизип жатасыңар? Бул да одоно мыйзам бузуу. Эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, эң маанилүү учурда баары башын катып жатып алып, үйүнө барып колун койдуруп келип, ушинтип, ууруларча кабыл алабызбы?», - деди ал.

Парламент төрагасы Талант Мамытов депутаттын сыны негизсиз экенин айтып, Конституция мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирди.

«Мен депутаттардын добуш бергенине комментарий бере албайм. Бирок, эгер регламент менен карасак, анын талаптарына ылайык... Туура, эгер өзү жок болсо, башка бирөө, Дүйшөн Төрөкулов боюнча маселе бар. Бирок аны алып салганда да, негизи, добуш жетип жатат. Аны эске албаганда, добуш берүү менен маселе кабыл алынып жатат. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок», – деген төрага.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору 3-мартта парламентте добушка коюлганда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов жана жыйынга катышпаган айрым депутаттар да добуш бергени белгилүү болгон.

Андан тышкары былтыр 17-ноябрда 80 депутат демилгечи болуп сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол койгон депутаттардын колу Конституциялык кеңешме быйыл февралда жазып бүткөн документке кайра коюлганы сынга кабылган. Алардын арасында мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутат Максат Сабировдун, көзү өтүп кеткен депутат Алмазбек Акматовдун да колу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости