www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Талант мырза, билинбеген менен учурда ковид кайрадан күч алууда. Эмнегедир буга саламаттык сактоо министрлиги жакшы көңүл бурбай жаткансыйт. Ушул боюнча сиздин оюңуз?
-- “Пандемия бүттү” же “ага каршы мамиле өзгөрдү” дегенден алысмын. Бул ондогон жылдардын көйгөйү болуп кала берет. “Кара июлду” унутканыбыз менен ашыкча өлүмдүн (остаточная смерть) саны жогору экени байкалууда.
Ковиддин таасири оор, аны айтпасак да түшүнүктүү го. Негизгиси, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия боюнча өзгөчө кырдаалды жойгон жок, тескерисинче, күрөштү күчөтүүнү, ковидди жана ага байланыштуу келип чыккан кээ бир ооруларды сапаттуу дарылоого, эмдөөнү жетиштүү деңгээлде жүргүзүүгө чакырып жатат.
Акыркы жылдардагы коомдук саламаттыктын көрсөткүчтөрүн, постковиддик кесепеттерин калкка туура жеткизип, элди туура багытка үндөө керек. Антпесек, ковидке каршы эле эмес, балдарга календардык эмдөөлөр да үзгүлтүккө учурап атканы белгилүү.
Мындай кадамдар туура эмес. Ошону менен бирге ковидге кабылган адамдарга ыкчам, көп профилдүү кызмат көрсөтүү зарыл. Мурдагыдай баарын бир жерге топтобой, оорунун өзгөчөлүгүнө жараша жеткиликтүү кызмат көрсөтүү шарт.
Мисалы, ковидден жүрөгүнө доо кетсе, ага заманбап атайын кызмат көрсөтүү абзел.
-- Азыркысы кайсы штамм экени, кайсы протокол боюнча дарылап атканы да белгисиз. Мындай шартта кандай кепкеңешиңиз бар?
-- Акыркы учурда “ковидди азыраак сүйлөшөлү, баары бир эл укпайт, билгенин кылат” деген мамиле байкалат. Ковиддин сводкасы да аптасына бир жолу гана берилип жатат. Бирок, коомдук саламаттык боюнча иш-чаралар күчөгөнү туура болмок.
Аткени, ковиддин жаңы штаммы азыр “кентавр” делсе, мутация улана берет. Анын өнөкөт ооруларга тескери таасири оор кырдаалда жүрүшү ыктымал.
Бул боюнча республикалык штаб, жалпы калк жана медиктердин аракети бирдиктүү жана бир багытта – ковиддин кеспеттерин азайтууга, керектүү медициналык кызматты жеткиликтүү камсыз кылууга мумкүнчүлүк түзүү керек.
“Пандемия күчүнөн тайды” десек жаңылышабыз, ага каршы күрөш азыркы глобалдык экономикалык акыбалга карабастан кылдат жүрүшү абзел.
Ошондуктан, министрлик ковидге тийешелүү иш-чараларын, дарылоо протоколдорун ар кандай ыкмалар менен калкка жеткизип турганы оң.
Булак: Азия News гезити