www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

C-Span АКШнын президенти Джо Байдендин Кентуккиге болгон иш сапары учурунда жеке буюмдарын жасоо аракети ишке ашпай калганын тартып алды.

Жарыяланган видеодо тик учактан түшкөн америкалык лидер костюмун кийүү аракетинен майнап чыкпайт. Күйөөсүнүн кылыгынан жылмайганын жашыра албай аялы жардамга келди.

Байдендин “күрөшү” муну менен эле бүтпөйт: бир нече көз ирмемден кийин АКШнын президенти көз айнегин кармай албай, жерге түшүрүп алат.

Бул АКШнын улгайган президентинин жаңылып, коомчулуктун талкуусуна, кээ бирөөлөрдүн сынына кабылып жаткан биринчи учуру эмес. Жакында эле ал вице-президент Камала Харристи президент деп атап алып, бир топ кеп-сөзгө калган.

Мурда дагы Харристи бир нече ирет президент деп айткан. Ошондой эле, Орусия лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен алмаштырган учурлары болгон.

Быйыл 80 жашка чыга турган Жозеф Байден — АКШ тарыхындагы эң улгайган президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости