www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы бар экенин ачыктады.

Иманов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу департаментте күнү-түнү иштеген мафия бар экенин белгиледи. Ошондой эле далилдери бар экенин, аларды жакын ара тийиштүү органдарга тапшырарын айтты. «Бул паспорт мафиясы терең тамырлашып кеткен. Ал мамлекетке миллиарддаган зыян келтирүүдө.

Алар тынчсызданбастан пара алып, камырабай капталдан иштеп жатышат. Бул тармакты текшерүү керек. Паспорт жасалмалоо боюнча коррупциянын масштабы өтө чоң, миңдеген жасалма паспорттор берилүүдө. Бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда», - деди Иманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости