www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Талантбек мырза, иниңиз Канат Исаевдин камалышы боюнча кандай комментарий берет элеңиз?

- Канат инимдин камалышы боюнча айтсам, ал кичинесинен эле “саясатчы болом, Кыргызстандын өнүп-өсүүсүнө салым кошом” деген кыргыздын бычакка сап мырзаларынын бири. Албетте, саясатчы баарына даяр болушу керек. Кырдаалга жараша ар кандай күрөш болот, муну ошол өңүттүн бир этабы катары ойлойт элем. Эми укук коргоо органдары баарын изилдеп, туура чечим чыгарат деген ишеничтемин. Иним эч кандай мамлекеттик төңкөрүш, бийликти алмаштыруу жөнүндө сөз кылган эмес. Камаларынан бир күн мурун жолукканбыз. Радикалдуу кадамдарга барбайт эле. Укук коргоо органдары тереңден териштирип, туура жыйынтыгын чыгарат деп ойлойм.

- Бул боюнча кандай кадамдарга барасыздар?

- Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтире турган эч кандай кадамдарга барбайбыз. Укук коргоо органдары кандай чечим чыгарат, биз ошону күтөбүз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости