www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автомобиль жолун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Министр иш сапарынын алкагында курулуштун сапатын, аткарылып жаткан иштердин графигин текшерип, жооптуу жетекчилерге жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрүнө долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле курулуш иштеринде техникалык талаптарды так сактоо жана жумуштардын сапатын камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.
Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун реконструкциясынын жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Долбоор аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу тосмо менен бөлүнгөн заманбап жол пайдаланууга берилет.
Жаңы жол Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.