www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-мартта Министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өттү.
Жыйынга министрдин орун басарлары, бөлүм башчылар, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана мекеме-ишканалардын башчылары, ошондой эле онлайн форматта Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери катышты.
Министр жооптуу жетекчилерден өткөн жумада берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат алды. Министрлик алдындагы меке-ишканаларга жолдорду таштандылардан тазалоо, жаңы курулуп жаткан жолдордун айланасын тегиздөө, курулуп жаткан жолдордо чаңдатпай суу себүү иштерин күчөтүү, көчкү коркунучун алдын алуу жана өлкө аймагындагы автоунаа кыймылын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жаңыдан пайда болгон аң-чөнөктөрдү өз убагында жамоо, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана жол белгилерин жаңыртуу иштерин ыкчам аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, акыркы 5-10 жылда жаңы курулуп, реконструкция болгон региондордогу жолдордун жер тилкелерин ажыратуу (отвод) жана трансформациялоо боюнча маселелерин ыкчам чечүүнү тийиштүү бөлүмдөргө тапшырды.
Аппараттык жыйында министр Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерин келишимдерди ырааттуу түзүүгө чакырды. Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун айланасындагы таштандылар өз убагында тазаланбагандыгы жана жараксыз абалга келген жол белгилери өз мөөнөтүндө алмаштырылбагандыгы үчүн Министрдин тапшырмасынын негизинде «Кыргыз автожол – Түндүк» ишканасынын директору тарабынан №955 Жол тейлөө ишканасынын жетекчилигине сөгүш берүү сунушталды.
Жетекчилерди аткаруу тартибин так сактоого чакырган министр берилген тапшырмалар белгиленген мөөнөттө аткарылышын талап кылып, аткарылбаган шартта тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.