www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы СДПК фракциясына 58 чи тизмеде туруп, 2020-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына өтө качкан, сабатсыз спикер Дастан Жумабеков жетектеген парламенттин аппарат жетекчиси Самат Ибраев да президенттикке талапкердигин коюптур. “Строймир” ЖЧКсы алдым-жуттум ишканалардын бири катары текшерүү кылгандан качып жүргөн. Ошого байланыштуу, бул ишкананы билгендер бир топ убакыттан бери компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүнү демилгелеп келген. Себеби, жогоруда айткандай, компания негизделген күндөн баштап жетекчилик жана финансылык ишмердүүлүктүн баары Ибраевдер тарабынан жүргүзүлүп келген, бирок бир да жолу аудиттик текшерүү жүргүзүлбөгөн. Эмнегедир, Саматбек Ибраев жана баласы аудиттик текшерүүгө каршы болуп жүрүштү. Себеби, акыркы окуялар көрсөткөндөй, Самат Ибраевдин жашыра турган, корко турган нерсеси бар эле. Көз карандысыз аудитордук компаниянын ишине баш директор Данияр Ибраев караманча каршы туруп, киргизбей койгон. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына аудиттик текшерүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча кайрылуу да бар. Айта кетүүчү жагдай,  белгисиз себептер менен бир учурда акча сугунушкан Финполиция кызматкерлери чара көрбөгөн соң, көзөмөл иретинде Бишкек шаарынын прокуратурасына да тиешелүү адамдар кайрылууга аргасыз болуп, бул факты Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилген. Бирок, бүгүнкү күндө да бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан эч бир аракеттер көрүлбөй жатат. Ал эмес Самат Ибраев өзүн президентке талапкерге койду. Ал эми баласы кылмыш иштери менен Европада кармалганына көз жумгандай. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости