www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуу үчүн арыз кабыл алуу мөөнөтү аяктап баратканын эскертти. 30-октябрь саат 18:00гө чейин талапкер болууну каалагандар өз документтерин тапшырып бүтүшү зарыл. Азыркы тапта 531 жаран депутаттыкка ат салышуу ниетин билдирип, арыз берген. Документтер текшерүүдөн өтүп, талаптарга жооп бергендер гана расмий талапкер катары катталмакчы.
Быйылкы шайлоо өлкөдө өзгөргөн саясий система алкагындагы алгачкы сыноолордун бири. 28-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана шайлоо 30 округ боюнча өтөт. Ар бир округдан үч депутат шайланып келет. Мында үчөөнүн жок дегенде бири аял болушу керек.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10–29-ноябрь аралыгында жүрөт. Ал эми добуш берүү 30-ноябрда, саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарыла турганы белгиленди.
Эл аралык коомчулук 25-сентябрда өзүн өзү таркаткан парламенттен кийин бул шайлоону өлкөнүн саясий багытын аныктай турган маанилүү учур катары карап турат. Элдин ишенимин актай турган, чыныгы эл өкүлдөрү тандалабы деген суроонун жообуна, 30-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан кийин күбө болобуз.