www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. 

Жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Айтматов району, Кара-Сай айылынын Чычкантай көчөсүндө жайгашкан “Маржан Апа” эс алуу борборунун курулушу мыйзам бузуу фактылары менен жүргүзүлгөнү белгилүү болду. 

Атап айтканда, объект шаар куруу жана архитектуралык корутунду, бекитилген долбоордук документациясы жок ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Бул иш аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат. 

Жыйынтыгында жеке ишкер А у Б. карата административдик чара көрүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Последние новости