www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 5-февралында Талас облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Талас облусунун ИИБнин демилгеси менен «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аттуу Форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - жаштар арасында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосундагы иш- аракеттерди күчөтүү менен бирге натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу болуп эсептелет.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ы. Кулушев, Талас облусунун ИИБнин начальниги, милициянын полковниги А. Жумабеков, Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы, Кыргыз Республикасынын “Дин, Укук жана Саясат” көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун жетекчиси, диний эксперт К. Маликов, ошондой эле Талас облусунун тургундары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жалпы жонунан 500дөй адам катышты.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, салттуу дин, экстремизм жана терроризм жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, Талас облустукКапар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган көркөм чыгарма тартууланды.
Ошондой эле форумда жаштар арасындагы диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук бирикмелердин диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуудагы кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралып, талкууга алынды.
Жаштарга билим берүүдө, экстремизм менен күрөшүүдө салым кошкон жана милиция менен тыгыз иштешкен кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Талас ОИИБнын сыйлыктарын Талас ОИИБнын начальниги Алмазбек Жумабеков тапшырды. Сөзүнүн соңунда ал “Жаштардын билим аркылуу келечеги жарык болоорун жана пайдалууну зыяндуудан айырмалап, Мекенди суйуп, патриот болуу менен мамлекетке салым кошо алаарын” белгилеп өттү.
Форумдун жыйынтыгында Резолюция кабыл алынып, анда диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө, алардын алдын алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Талас облусунун ИИБнин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, Талас облустук казыятынын жана райондук имам-хатибдеринин милдеттери белгиленди.
Булак: NazarNews.kg