www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда «Талас» тайфуну өтүп, анын кесепетинен үч адам каза болуп, бирөө дайынсыз жоголду, үчөө жаракат алды. Сидзуока префектурасында 1,78 миллион адамды эвакуациялоого буйрук берилди. Бул тууралуу NHK билдирди.

Андан сырткары, «Талас» тайфунунан Японияда 55 миң үй суусуз калды.

Сидзуока шаарынын 55 миң тургуну жабдуулардын иштебей калышынан уламсуусуз калышты. Азырынча эксперттер калыбына келтирүүнүн болжолдуу убактысын да айта алышпайт.

Ошондой эле жолдордун бузулушуна байланыштуу 700 үй-бүлө азык-түлүктөн ажыратылганы кабарланды.

Буга чейин Сидзуока префектурасында 114 миң үй жарыксыз калганы айтылган. Буга жер көчкүнүн кесепетинен электр мамыларынын кулашы себеп болгон. Хамамацу шаарында дарыя жээгинен ашып, көпүрөнү талкалады. Ондогон үйлөрдү суу каптаганы кабарланууда.

Филиппин тилинен которгондо "курч" деген маанини билдирген "Талас" тайфуны Япониянын чыгыш жээгинен өтүп, Хоккайдо аралынын түндүгүндө басымдуулугун төмөндөткөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости