www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кызматкерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Буга чейин аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

 2024-жылдын 23-августунда "П.А.Т." ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 000 (элүү миң) АКШ доллары суммасындагы паранын бир бөлүгүн КР УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда кармалды. 

Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости