www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таласта интернет кылмышына шектүү катары банк кызматкери кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
2-декабрда Айтматов РИИБге 1998-жылы туулган келин арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын ноябрь айында WhatsApp социалдык тиркемесине белгисиз номурдан шилтеме келип, онлайн акча табууну сунуштап, кесепетинен электрондук капчыгындагы көп суммадагы акчасынан куру кол калганын билдирген.
Аталган факты Айтматов милициясы тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Ал сунушта арыз ээси WhatsApp тиркемесине келген ссылкаларды башкалар менен бөлүшүп туруусу керек болгон. Алгач бөлүшкөн ссылкалары үчүн 200, 500 сом карточкасына түшүп турган. Арыз ээсин интернет алдамчылары бул жумушка азгырып алган соң, мындан дагы көбүрөөк акча табууну сунуштаган. Сунуш боюнча арыз ээси интернет алдамчысынын электрондук капчыгына акча салуусу керек болгон. Алгач арыз ээси 2024-жылдын 8-ноябрында 12 миң 800 сом акча салган. Бирок салган акчасы кайра толук кайтарылбагандыктан, интернет алдамчысы дагы акча салып, көбүрөөк кайтарып алууну сунуштаган. Салган акчаларын кайра кайтарып алуу үчүн арыз ээси 9 жолу ар түрдүү суммадагы акчаларды которуп, жалпы суммасы 1 027 800 сомду түзгөн. Арыз ээси жогоруда көрсөтүлгөн сумманы 20 күндөн ашуун убакыт ичинде бөлүп-бөлүп которуп турган.
Жыйынтыгында буга чейинки байланышып жаткан номур өчүк болуп, арыз ээси алданып калганын айтып, милиция барган. Арыз ээси интернеттен онлайн акча табууну сунуштаган жаранды бир дагы жолу көргөн эмес.
Бул факты Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишине шектүү катары Нарын шаарындагы банктардын биринин кызматкери, 2000-жылы туулган жаран кармалып, жанынан чет өлкөлүк 1 банктык карточка, Кыргызстандын 6 банктык карточкасы, 1 төлөм картасы жана “POKO х5” үлгүсүндөгү уюлдук телефону табылган.
Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо аракеттери жүргүзүлүүдө.