www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда 2006-жылдан бери изделип жаткан чет элдик жаран кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы 8-түзөтүү мекемесинен качып, эл аралык издөөдө жүргөн К.М.Д. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды.

Кармоо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда жүргүзүлүп, шектүү адам жашынууга аракет кылган.

Азыркы учурда К.М.Д. Талас шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишине анын мүмкүн болгон катыштыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости