www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сретенский монастырынын хору "Сизди сүйгөм" романсын кыргыз тилинде аткарып көрүүчүлөрдү кубандырды.

Таласта көп жылдардан бери алгачкы ирет дүйнөлүк деңгээлдеги орус музыкасынын аткаруучулары конокто болду. Бул тууралуу Русский дом билдирди.

Аткаруучулар:

Орус романс жылдызы Ирина Крутова Игорь Тукало жетектеген аспаптык ансамблдин коштоосунда чыкты;

Россиянын эл артисти Надежда Крыгина жана Л.Зыкина атындагы легендарлуу "Россия" ансамблинин солисттеринин квинтети;

1389-жылдан бери тарыхын улап келе жаткан Москва Сретенский монастырынын хору.

Алар Россиянын Маданият министрлиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Талас мэриясы тарабынан уюштурулган "Музыка тилинде" долбоорунун алкагында концерт коюшту. Спектаклдер А.С. Пушкиндин туулган күнүнүн 225 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына арналды.

Артисттер орус музыкасынын жанрларынын жана багыттарынын ар түрдүүлүгүн көрсөтүштү.

"Сретенский монастырынын хорунун аткаруусундагы кыргыз тилиндеги "Сизди сүйгөм" романсы көрүүчүлөрдү чындап кубандырды. Бул ырдын сөзү — А.С.Пушкиндин "Мен сизди сүйгөм" ырынын сөзмө-сөз котормосу. Дагы бир белгилүү ыр аткарылды, Игорь Воронцов жана Л.Зыкина атындагы "Россия" ансамблинин солисттери "Ала-Тоо – менин жерим" композициясын тартуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Маданий иш-чара тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев айтып берди.

"Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достукту, кызматташтыкты сактоого жана өнүктүрүүгө, Александр Пушкиндин тили Чыңгыз Айтматовдун мекенинде жашай беришине аракет кылып жаткандарга терең ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.

Белгилей кетсек, концерттин жүрүшүндө "А.С.Пушкиндин тили Ч.Т.Айтматовдун мекенинде" сынагынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп окуучулары жана мугалимдери сыйланды.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости