www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда жаран 14 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун апасы билдирди.
Аялдын айтымында, бул окуя 2020-жылы Орусияга иштегени кеткенде болгон.
«Тууганым кандайдыр бир жол менен кызымды багып алган. Ал мен кызымды сабаганымды айтып жатат, бирок бул туура эмес. Жолдошум балдарды алып Жайыл районуна кеткен, ал жактан кыз зордукталганы билинген. Тууганымдын үйүндө жашаган иним дагы кызымды зордуктады деп шектенип жатам», - деди ал.
Аялдын айтымында, ал милицияга балдарды кайтарып бергиси келгени тууралуу арыз жазган. Бирок укук коргоо кызматкерлери ага бул жагынан жардам беришкен эмес.
«Мен балдарды алып кетем деп арыз жазып, милиция кызматкерлеринин жол киресин төлөп бергем. Алар 14 жаштагы кызымдан башка төрт баланы гана алып кетүүгө жардам беришти. Мен бир жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгам. Ушуга байланыштуу менин туугандарым жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери шантаж кылышууда», - деп түшүндүрдү аял.