www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта изделип жаткан кыз Бишкектен табылды

Таластан дайынсыз болуп жаткан Акылай Бишкектен табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-августта Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарабынан Талас шаарынын тургуну 14 жаштагы Акылай дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат таратылган. Бул маалымат ЖМКга жарыяланган соң, кыздын кайсы жакта жүргөндүгү тууралуу маалыматтар милицияга билдирилген.

«Акылай бүгүн 16-августта Бишкек шаарынан табылып, Таласка алып келинип жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал өз алдынча эч кимге айтпастан эле Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген»,-деп жазылат маалыматта.

Последние новости