www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда коронавирус кырдаалына байланыштуу мектептин бардыгы аралыктан окууга өттү. Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова тастыктады.

Анын айтымында, чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Балдарды аралыктан окутуу 11-майга чейин созулат.

"Андан кийин абалды байкаштырабыз. Эгерде кырдаал жакшырбаса, чечимди өзгөртөбүз", - деди Жанузакова.

Ушул тапта Бишкекте жана Ошто да мектептер аралыктан окууга өтүп жатат.

Бүгүнкү маалымат боюнча, 277 кишиден вирус чыгып, үч бейтап каза тапкан. 202 кишинин айыгып чыкканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости