www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаратылышты коргоо боюнча рейд учурунда мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы 1-августта Уйур-Марал өрөөнүндө кезектеги рейддик иш-чара өткөрдү.
Рейд учурунда Уйур-Марал постунда саат 21:35 чамасында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүдө унаанын ичинен 26 даана Амур форели табылган.
Окуя боюнча үч жаран кармалып, тиешелүү акт түзүлдү. Учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.